00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагындагы мыйзамсыз курулуш токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Жал кичи району, №30 дарегинде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект "Манас" университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталган. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Битрейд Импекс" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду. Белгилей кетсек, "Манас" университети 5-июнда кампустун аймагында 1000 орундуу кыздар жатаканасынын пайдубалы түптөлгөнүн маалымдаган.
Бишкек шаарында кечээ, 10-июндагы катуу шамалдын кесепетинен жалпы 37 бак кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бир көп кабаттуу батирдин жана жер үйдүн чатырларын учурган, үч унаа бактын алдында калган. Шамалдын кесепетин жоюуга ӨКМден ыкчам топ жана жергиликтүү бийлик органдарынан кызматкерлер тартылган. Буга чейин катуу шамалда дарак кулап, 23 жаштагы кыздын акыреги сынып кеткени кабарланган.
Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан багыты аркылуу КМШ өлкөлөрүнө баңгизат ташууну уюштурган трансулуттук баңгитоп жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалымдалгандай, шектүү катары К.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, андан ири көлөмдөгү гашиш алынган. Учурда кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын аныктоо максатында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
ЕАЭБдин 2027–2029-жылдарга карата транспорттук жол картасы даярдалып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, документти иштеп чыгууда транспорт тармагын санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта ИАТАнын тажрыйбасы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Тараптар авиация тармагындагы кызматташтыкты жана эл аралык авиа ташууларынын келечегин талкуулашты.
НАТО бүтүндөй Евразия континентине кызыгып, аймактагы коопсуздукту өз тартип-эрежесине ылайык камсыздоого умтулуп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. "Таптакыр башка регионду, Евроатлантиканы камтыган НАТО дал ушул евразиялык коопсуздукту өз эрежеси менен камсыздап, аны өзү баштап-көздөөгө дилгирленип жүргөнүнө көп жыл болду", — деди министр ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен Казанда өткөн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинен кийинки маалымат жыйында. Лавровдун айтымында, ЖККУ НАТО менен тең ата мамилеге дайым ачык, бирок альянс алака куруудан дайым баш тартып келген. "ЖККУ ОДКБ менен диалогго дайым даяр... НАТО коопсуздук маселелерин ЖККУ менен талкуулоодон качып келет", — деди РФ ТИМинин башчысы. Министр ЖККУнун сунуштарына НАТО бир да жолу жооп кайтарбаганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0