Sputnik Кыргызстан агенттиги коомдогу курч маселелерди көргөзгөн кинофильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Приют для совершеннолетних" тасмасынын сценарийин өзү жазып, үч жылдай аракет кылып жүрүп, аны 1987-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган. Эмгегинде союз мезгилиндеги аракечтик маселесине кайрылып, ичкиликтин азабынан жумушунан, үй-бүлөсүнөн айрылып, киши катарынан чыгып наркологиялык ооруканада жаткан адамдардын тагдырын наркологдун жумушу аркылуу чагылдырган. Каармандардын басымдуу бөлүгү жаштар болуп, арактын кесепетинен өз өмүрүнө кол салып көз жумган сүрөтчүнүн, ичкиликтен улам атасын акыркы сапарга узата албай калган уулдун жана акыл-эсинен айрылып калганга чейин ичкен жигиттин кайгылуу окуясы баяндалат.
Тасмада Эдилбек Чокубаев, Николай Марусич, Марианна Катаева, Айтурган Темирова, Гүлсара Ажыбекова, Мария Абакирова, Нуржуман Ихтымбаев, Марат Алышпаев, Борис Гитин, Димаш Ахимов, Сергей Николаев, Эмиль Борончиев роль жаратып, Манасбек Мусаев оператор, Актан Арым Кубат сүрөтчү-коюучулук милдетти аткарган. Фильм бир жылда Бишкек шаарында жана Сокулук районунда тартылып бүтүп, кийинки жылы бардык союздук республикаларда көрсөтүлгөн.
Режиссер кийин дагы коомдук маселелерге кайрылып, криминалдык мүнөздөгү "Айың", аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту баяндаган "Аномалия" фильмдерин жараткан.
![Геннадий Базаров кинофильмге тартылгандарга камеранын алдында иштөөнү үйрөтүп жаткан учуру. Каармандар аракечтиктен жабыркаган адамдардын образында. Геннадий Базаров кинофильмге тартылгандарга камеранын алдында иштөөнү үйрөтүп жаткан учуру. Каармандар аракечтиктен жабыркаган адамдардын образында. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584350_0:0:2048:1806_600x0_80_0_1_56a5750b28622feec4d08a56abb3663b.jpg)
![Арактын азгырыгынан чыга албай калгандарды дарылаган наркологдун ролун Советбек Жумадылов келиштире аткарган Арактын азгырыгынан чыга албай калгандарды дарылаган наркологдун ролун Советбек Жумадылов келиштире аткарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584355_0:0:2048:1590_600x0_80_0_1_01c9232a5df1f29aaa7c7e17f252a2a3.jpg)
![Сүрөттө наркологиялык диспансерде дарылангандар. Режиссер коомдогу көйгөйдү көзгө сайып көрсөтө билгени менен башка кесиптештеринен айырмаланган. Сүрөттө наркологиялык диспансерде дарылангандар. Режиссер коомдогу көйгөйдү көзгө сайып көрсөтө билгени менен башка кесиптештеринен айырмаланган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584360_0:0:2048:1599_600x0_80_0_1_ea9b3bee6e93a66f7e84e763edbd0193.jpg)
![Тартуу иштери маалында. Ак халатчан — актриса Марианна Катаева жана москвалык актер Борис Гитин. Тартуу иштери маалында. Ак халатчан — актриса Марианна Катаева жана москвалык актер Борис Гитин. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584365_0:0:2048:1533_600x0_80_0_1_70fb77726e27175b55e27b2b5c32fabf.jpg)
![Арактын айынан ара жолдо жер кучактап калган жаш жигиттин ролун Эдилбек Чокубаев аткарган Арактын айынан ара жолдо жер кучактап калган жаш жигиттин ролун Эдилбек Чокубаев аткарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584371_0:0:2048:1792_600x0_80_0_1_f12ed6d554f0acb927da535fc9929ea7.jpg)
![Бейтаптын толугу менен айыгып, алардын жакшы жашоого кайтуусуна болгон күч-аракетин жумшаган нарколог (Советбек Жумадылов) менен аракеч (Николай Марусич) Бейтаптын толугу менен айыгып, алардын жакшы жашоого кайтуусуна болгон күч-аракетин жумшаган нарколог (Советбек Жумадылов) менен аракеч (Николай Марусич) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584376_0:0:2048:1600_600x0_80_0_1_6c6c7d0fa16725e4a13b0e66cd91f455.jpg)
![Кинокартинанын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаары менен Сокулук районунда тартылган Кинокартинанын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаары менен Сокулук районунда тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584381_0:0:2048:1731_600x0_80_0_1_39f5b6d72eefdc9d19402eab62114c15.jpg)
![Ооруканадагы жакындарын көргөнү келгендер: актриса Айтурган Темирова менен Гүлсара Ажыбекова Ооруканадагы жакындарын көргөнү келгендер: актриса Айтурган Темирова менен Гүлсара Ажыбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584386_0:0:2048:1748_600x0_80_0_1_9242e3806aa587450f92dda54c181362.jpg)
![Кинематографист аталган кинофильмдин сценарийин белгилүү актер Советбек Жумадыловго ылайыктап жазган Кинематографист аталган кинофильмдин сценарийин белгилүү актер Советбек Жумадыловго ылайыктап жазган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584391_0:0:2048:1638_600x0_80_0_1_747e160caa2a4cbde1d851c39794ffe3.jpg)
![Ал эмгектин оператору Манасбек Мусаев, сүрөтчү-коюучусу Актан Арым Кубат болгон Ал эмгектин оператору Манасбек Мусаев, сүрөтчү-коюучусу Актан Арым Кубат болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584396_0:0:2048:1661_600x0_80_0_1_91495d233e1dc0fbb982d373b5b82aff.jpg)
![КРдин эл артистинин кинофильминде ата-энесинин арагынан улам ара төрөлгөн чүрпөлөрдүн балдар үйүндөгү жашоосу дагы көрсөтүлгөн КРдин эл артистинин кинофильминде ата-энесинин арагынан улам ара төрөлгөн чүрпөлөрдүн балдар үйүндөгү жашоосу дагы көрсөтүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584401_0:0:2048:1620_600x0_80_0_1_b2aed4b77c12844ba2999f3f9225a8d6.jpg)
![Геннадий Базаров арак ичип психоневрологиялык диспансерге чейин жеткендер менен Геннадий Базаров арак ичип психоневрологиялык диспансерге чейин жеткендер менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052584406_0:0:2048:2000_600x0_80_0_1_81de3936949501da02dfd86f274f2c50.jpg)