https://sputnik.kg/20260610/1101811259.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап... 10.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-10T15:00+0600
2026-06-10T15:00+0600
2026-06-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101811093_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3a17d1288bc0923c1e80ba76c1b936dd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Энергетика министринин милдетин Алтынбек Рысбеков аткармай болду. Ал 48 жашта, кесиби энергетик. Бул тармакта 2000-жылдардан бери эмгектенип келет. Буга чейин "Улуттук электр тармактары" компаниясын жетектеп, энергетика министринин орун басары кызматын аркалаган.
Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздукту күчөтүү үчүн 40ка жакын курулма салынат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бирок ал жылдары жолдун айрым тилкелери долбоорго киргизилбей, каражаттар бөлүнбөй калган. “2022-жылы капчыгай аркылуу өткөн, ары татаал Казарман-Арал жолу пайдаланууга берилген. Ошондон бери бул аймакта таш кулоо жана жер көчкү учурлары катталып келет. Ал эми Жалал-Абад тарабындагы туннель 2024-жылы курулуп бүтсө да, коопсуздук маселелери толук чечилбегендиктен пайдаланууга берилген эмес. Президент Садыр Жапаров 2025-жылы коопсуздукка байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечип, андан кийин гана жолду ачуу тапшырмасын койду. Бул максатта 5,3 млрд сом бөлүнүп, каражаттын негизги бөлүгү көчкүдөн жана таш кулоодон коргоочу курулмаларды курууга, ошондой эле Барпы–Сафаровка жолун өнүктүрүүгө багытталган.”, – деп белгиледи ал. Министрдин айтымында, аталган курулмаларды эки жылдын ичинде бүтүрүү тапшырмасы коюлган. Алар пайдаланууга берилгенден кийин жолдун коопсуздугу кыйла жогорулайт. Ошол эле учурда Сары-Камыш менен Казармандын ортосундагы болжол менен 50 чакырымдык тоолуу тилкеде таш кулоо коркунучу толугу менен жоюлбайт.
Жалал-Абад облусунда жумуш жетиштүү, бирок бардыгы эле жетекчи болгусу келет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Тилек Текебаев билдирди.Ал мисал катары “Тазалык” муниципалдык ишканасы адамдарды жумушка алууга даяр экенин, бирок каалоочулар жок болуп жатканын белгиледи.“Аймакта завод-фабрикалар ачылып жатат, бирок ал жерде жумушчулар жетишпейт. МИК тарабынан үйлөр курулууда, куруучуларды чакырсак, ал жакка да баргылары келбейт. Мына ошондуктан, төлөнүүчү акыга ыраазы болгон пакистандыктар менен индустарды жалдаганга туура келүүдө. Жадагалса Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга да биздин жарандар барбай жатышат”, — деди ал Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда.
Нарын шаарындагы Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарына электр кубаты жетет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маселени жергиликтүү тургундар мэр Жылдызбек Беккелдиев менен жолугушууда көтөрүшкөн. Натыйжада Беккелдиевдин демилгеси менен аталган эки конушка электр линиясы тартылмай болду.Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен үч миллион сом бөлүнүп, электр мамылары, зымдар жана башка ар кыл жабдуулар сатып алынды.
Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Энергетика министринин милдетин Алтынбек Рысбеков аткармай болду. Ал 48 жашта, кесиби энергетик. Бул тармакта 2000-жылдардан бери эмгектенип келет. Буга чейин "Улуттук электр тармактары" компаниясын жетектеп, энергетика министринин орун басары кызматын аркалаган.Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздукту күчөтүү үчүн 40ка жакын курулма салынат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бирок ал жылдары жолдун айрым тилкелери долбоорго киргизилбей, каражаттар бөлүнбөй калган. “2022-жылы капчыгай аркылуу өткөн, ары татаал Казарман-Арал жолу пайдаланууга берилген. Ошондон бери бул аймакта таш кулоо жана жер көчкү учурлары катталып келет. Ал эми Жалал-Абад тарабындагы туннель 2024-жылы курулуп бүтсө да, коопсуздук маселелери толук чечилбегендиктен пайдаланууга берилген эмес. Президент Садыр Жапаров 2025-жылы коопсуздукка байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечип, андан кийин гана жолду ачуу тапшырмасын койду. Бул максатта 5,3 млрд сом бөлүнүп, каражаттын негизги бөлүгү көчкүдөн жана таш кулоодон коргоочу курулмаларды курууга, ошондой эле Барпы–Сафаровка жолун өнүктүрүүгө багытталган.”, – деп белгиледи ал. Министрдин айтымында, аталган курулмаларды эки жылдын ичинде бүтүрүү тапшырмасы коюлган. Алар пайдаланууга берилгенден кийин жолдун коопсуздугу кыйла жогорулайт. Ошол эле учурда Сары-Камыш менен Казармандын ортосундагы болжол менен 50 чакырымдык тоолуу тилкеде таш кулоо коркунучу толугу менен жоюлбайт.Жалал-Абад облусунда жумуш жетиштүү, бирок бардыгы эле жетекчи болгусу келет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Тилек Текебаев билдирди.Ал мисал катары “Тазалык” муниципалдык ишканасы адамдарды жумушка алууга даяр экенин, бирок каалоочулар жок болуп жатканын белгиледи.“Аймакта завод-фабрикалар ачылып жатат, бирок ал жерде жумушчулар жетишпейт. МИК тарабынан үйлөр курулууда, куруучуларды чакырсак, ал жакка да баргылары келбейт. Мына ошондуктан, төлөнүүчү акыга ыраазы болгон пакистандыктар менен индустарды жалдаганга туура келүүдө. Жадагалса Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга да биздин жарандар барбай жатышат”, — деди ал Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда.Нарын шаарындагы Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарына электр кубаты жетет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маселени жергиликтүү тургундар мэр Жылдызбек Беккелдиев менен жолугушууда көтөрүшкөн. Натыйжада Беккелдиевдин демилгеси менен аталган эки конушка электр линиясы тартылмай болду.Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен үч миллион сом бөлүнүп, электр мамылары, зымдар жана башка ар кыл жабдуулар сатып алынды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101811093_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b84d438c2cae13dd187c3ffcd4c1b6a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио