Энеси Бүбүкан менен атасы Жумабай ошол кездеги кедей-дыйкандардын катарындагы үй-бүлөлөрдүн бири болгон.
© Фото / предоставлено Умутай ЭралиевойКыз-келиндердин азаттыгы, теңчилиги, совет өкмөтүнүн идеологиясы үчүн күрөшүп, жашоосу трагедиялуу аяктаган Уркуя Салиева
Кыз-келиндердин азаттыгы, теңчилиги, совет өкмөтүнүн идеологиясы үчүн күрөшүп, жашоосу трагедиялуу аяктаган Уркуя Салиева
© Фото / предоставлено Умутай Эралиевой
Эмгек жолу:
- 1928 — Түштүк кыргызстандык кыздардын алгачкыларынан болуп комсомолдун катарына өткөн;
- 1928-жыл, октябрь —1-Май айыл кеңешинин төрайымы;
- 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган.
- 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынган;
- 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн.
- 1932-1933 — 1-Май (Меркит-Мүркүт) айыл кеңешинин раиси;
- 1934 — "Кызыл аскер" колхозунун раиси;
- 1934-жыл, 6-февраль — түн ичинде басмачылар мыкаачылык менен Уркуя Салиева жана күйөөсү Колдош Салиевди мууздап кетишет. Уркуянын аркасында үч баласы — сегиз жашар кызы Айниса, үч жашар уулу Кеңеш, беш күндүк ымыркайы калат. Бирок алгач ымыркайы чарчап калат, андан кийин ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп турган кызы Айниса тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калган.
Өлүмдөн кийинки өмүрү:
- 1966 — жазуучу Насирдин Байтемиров Уркуя Салиева тууралуу "Тарых эстелиги" деп аталган тарыхый-документалдуу романын жазган;
- 1972 — режиссёр Төлөмүш Океев "Отко таазим" ("Уркуя") кинофильмин тарткан;
- 1978 — Скульптор Тургунбай Садыков, архитектор Геннадий Кутателадзе прототиби Уркуя Салиева болгон "Революциянын каармандарына" эстелигин тургузушкан.