00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭС за рамками экономики - политолог о Сибирь, Иссык-Куле и общих ценностях
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке ооруканаларда дарылануу жеткиликтүү болобу? ММК фондунун жаңы демилгеси
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
АТРдин алкагында аймактарды кантип өнүктүрөбүз?
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Жеке ооруканаларда дарылануу жеткиликтүү болобу? ММК фондунун жаңы демилгеси
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча өзүнүн кошумча сунуштарын тиешелүү комитетке жөнөттү. Бул тууралуу эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды.Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр шайлоодо талапкерлерге тең шарттарды түзүүгө, каржылык басымды азайтууга жана саясий атаандаштыкты жогорулатууга багытталган. Демилге ишке ашса, талапкерлердин финансылык дараметине карабастан шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү кеңеет.Депутат тарабынан сунушталган негизги 4 өзгөртүү:Шайлоо фондун кыскартуу: талапкерлердин шайлоо фондунун эң жогорку чегин эки эсеге — 20 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин төмөндөтүү; Шайлоо күрөөсүн азайтуу: талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн 50 пайызга кыскартып, 300 миң сомдон 150 миң сомго түшүрүү; Үгүтчүлөргө чектөө: Алдыдагы шайлоолордо бир үгүтчү бир шайлоо аймагында бир гана талапкер менен келишим түзүп иштей алат деген норма; Дебаттан качкандарды жоопко тартуу: шайлоо алдындагы теледебаттарга катышуудан баш тарткан депутаттыкка талапкерлерге жоопкерчилик каралат. Мындай чара эл аралык тажрыйбага ылайык сунушталууда.Эске салсак, аталган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде экинчи окууда кароо үчүн даярдалып жатат.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкө аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү изилдөө жана инвестициялык портфелди түзүү иштерин жүргүзүүдө. Бул ирет Баткен облусунун социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында, облустун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун өнүктүрүү багыттары жана көйгөйлүү маселелери талкууланды. Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана шаар мэрлери катышып, өз аймактары боюнча даярдалган долбоорлорду презентациялашты. Өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, таза суу жана энергетика тармактарына көңүл бурулду. Бул багыттар жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө таасир этет. Учурда республика боюнча жалпы көлөмү 460 миллиард сомго жакын 170тен ашык инвестициялык долбоорлор сунушталып талкууланып жатат. Бул демилгелер ишке ашса, аймактардын социалдык-экономикалык абалына олуттуу өзгөрүү алып келерин Бакыт Төрөбаев белгиледи.
1-июлдан тарта Бишкекте түнкүсүн дагы автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, түнкү автобустар бардык каттамдарга киргизилет жана алардын ортосундагы аралык болжол менен 40 минутаны түзөт. "Азыркы учурда Асанбай – "Манас" аэропорту багыты боюнча автобустар түнкүсүн жүрүп жатат. Эми ушул тажрыйбаны бардык каттамдарга киргизели деп жатабыз. Түнкү каттам 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин болот жана 1-июлдан тартып накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин киргизилет", - деди ал.
Европа Москва менен болгон сүйлөшүүлөргө катышуусу керек. Мындай пикирин Владимир Зеленский "Түндүк-Балтика сегиздиги" саммитинин алкагында билдирди. “Европа ар кандай сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш. Европа жөн гана ортомчу боло албайт, анткени ал биз тарапта”, — деди Киев режиминин башчысы. Анын пикиринде, Европа өлкөлөрү ортомчу боло алышпайт, анткени анда алар бейтарап позицияны сактоого аргасыз болушмак, анын ичинде Россияга каршы чектөөлөрдү кабыл алууда дагы.
Жаңылыктар түрмөгү
0