03:28 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Сүрөт

Сүрөттө калган элестер. Сүймөнкул Чокморовдун элесине сүртүмдөр

Кыскача шилтеме алуу
462 0 0
  • Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган
  • Жетинчи ок кинотасмасындагы көрүнүш. Чокморов тасмада милиция отрядынын командири Максумовдун ролун жараткан. 1972-жыл
  • СССРдин Эл артисти Бухара шаарында
  • Кызыл алма тасмасы 1975-жылы тартылып бүткөн
  • Чыңгыз Айтматовдун Жамиля чыгармасынын негизинде тартылган тасмада атактуу актер фронттон келген Даниярдын образын жараткан
  • Караш-караш окуясы тасмасында Бактыгулдун ролунда
  • СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов чет элдик коноктор менен маектешүүдө
  • Сүймөнкул Чокморов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана атактуу режиссер Төлөмүш Океев менен
  • Кызыл алма тасмасы белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин үчүнчү эмгеги болгон. Сүймөнкул Чокморов тасмада сүрөтчүнү ойногон
  • Режиссер Болот Шамшиевдин Эрте келген турналар тасмасында
  • Сүймөнкул Чокморов кино тартуу аянтчасында
  • Кино студияда. Сүрөттө оңдон солду карай — Сүймөнкул Чокморов, Болот Миңжылкыев
  • СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов көрүүчүлөр менен
  • Белгилүү актер жылкыларды жакшы көргөнү айтылат. Жылкылардын арасында эс алып жаткан Чокморов
  • Кызыл алма тасмасын тартуу учурунда
  • Сүймөнкул Чокморов 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчө болгон. 1981-жылы СССРдин эл артисти наамын алган
  • Актер өспүрүм менен кино тартуу учурунда
© Sputnik / Фред Гринберг
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган

Кыргыз кино өнөрүнүн жарык жылдызы, таланттуу сүрөтчү, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов 2016-жылдын 9-ноябрында тирүү болгондо 77 жашка чыкмак.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Эркектин мыкты ролун жараткандыгы үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тблиси, Баку, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Тема боюнча

Сагынбек Абдрахманов: Чокморовдун эстелигин россиялык компания колодон куюп берет
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй
Белгилер:
актер, сүрөтчү, кино, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ