Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Россияда кайсы адистер жетишпей жатат. Тизме

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМедициналык бет капчан Москвадагы курьер
Медициналык бет капчан Москвадагы курьер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамбек Бейшеновдун айтымында, кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу үчүн кондитердик фабрикалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Россияда кайсы кесиптер боюнча адистер жетишпей жатканын Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынан РФтеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынан РФтеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов
Россияда кайсы адистер жетишпей жатат. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынан РФтеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов

Посадка на вывозной поезд из Ростова-на-Дону в Узбекистан  - Sputnik Кыргызстан
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер
Эске салсак, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Россиядагы кыргызстандыктардын COVID пандемиясы учурундагы көйгөйлөрү" аттуу онлайн-брифинг өтүп жатат.

Бейшеновдун билдирүүсүндө, элчилик менен өкүлчүлүк кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча мигранттар менен дагы, жумуш берүүчүлөр менен дагы тыгыз иштешүүдө.

"Курулуш компанияларына кызматкерлер керек, өзгөчө курулушчулар менен прорабдар зарыл болууда. Ошондой эле тигүүчүлөр жетишпей жатат. Айрым москвалык компаниялар тигүүчүлүккө кыз-келиндерди гана эмес, эркектерди дагы алууну каалашат", — деди ал.

Мындан тышкары, ал азыр кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу үчүн өзү жетектеген кызматтын адистери кондитердик фабрикалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0