Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо этектери менен тоолуу өрөөндөрдө жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 8-декабрь, жекшемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектери менен тоолуу өрөөндөрдө жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Таласта +4…+9, Ысык-Көлдө +1…+6, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +7…+12 градус жылуу болсо, ал эми Нарын жергесинде -1…-6 градуска чейин суук болот.

Бишкекте күндүн табы +8…+10 градуска дейре көтөрүлсө, Ош шаарларында бул көрсөткүч +9…+11 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0