Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду
Кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон.
"Короодо токтоп турган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ичинде 4 жана 1 жаштагы балдар ойноп жатканда эшиктери бекилип калган. Кийин унаадан кокусунан өрт чыгып кетип, балдардын денеси күйүк алган", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаровдун инаугурациясына бир күн калды. Президенттин ант берүү аземи башынан аягына чейин кандай болору жана кайсы коноктор чакырылганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Белгилүү драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев быйыл 85 жашка келип отурат. Анын "Атанын тагдыры" драмасы бир канча тилдерге которулуп, театрлардын сахнасында ойнолуп келген.