Видео жазууларды алдык. Тергөөчү Чолпон-Атадагы кырсык боюнча маалымат берди

© © SputnikНачальник следственной службы ОВД Иссык-Кульского района Жаныбек Мырзабаев
Начальник следственной службы ОВД Иссык-Кульского района Жаныбек Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл РИИБинин Тергөө кызматынын башчысы Жаныбек Мырзабаев Чолпон-Атадагы автокырсык боюнча маалымат берди. Ал учурда күбөлөр суралып, бүт жерден видео жазуулар чогултулуп жатканын айтты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мырзабаев окуя таңкы саат 4.30дар чамасында ипподромдун маңдайында болгонун билдирди.

"BMW X-7 унаасында айдоочу менен кошо үч адам, Lexus унаасында төрт адам болгон. Ал жолдун карама-каршы жагынан бурулуп жатканда BMW X-7 капталын сүзүп, жолдун четине чыгып кетишкен. Ипподромдун тегерегиндеги жана жаңы ачылган Social Coffeе кафесиндеги бардык видео жазууларды алдык. Видеодон таңкы саат 4.27де кафеден BMW X-7 унаасынын жүргүнчүлөрү чыгып, жашыл түстөгү свитер кийген киши унааны айдап кеткенин көрүүгө болот. Бул күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен да тастыкталды", — деди райондук тергөө кызматынын башчысы.

Чолпон-Атадагы кырсык: Абжалиевдин уулунун кафедеги жана унаага түшкөндөгү видеосу - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы кырсык: Абжалиевдин уулунун кафедеги жана унаага түшкөндөгү видеосу
Ал ошондой эле жолтандабас кырсык болгонго чейин башка машина менен куушуп бараткан деген маалымат туура эмес экенин айтты.

Эскерте кетсек, 7-июлда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду. Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0