Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин

© AFP / MICHELLE SHEPHARD / POOLСкандал в тюрьме Гуантанамо
Скандал в тюрьме Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайра жанданаары менен аны бошотууга тиешеси бар деп шектелген дарыгер, сот, аткаминерлер биринен сала бири кармалууда. Алардын айрымдары камакта болсо, кээ бири ден соолугу начарлап ооруканада жатат.

Батукаевдин жанданган ишинин артынан канча аткаминер камалды, канчасы акталды? Sputnik Кыргызстан агенттиги кримтөбөлдү бошотуп, өлкөдөн чыгарып жиберүүгө тиешеси бар делип кармалгандарды тизмектеди.

Батукаев ким жана эмне үчүн соттолгон?

Улуту чечен Азиз Батукаев Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Ачык булактарга таянсак, 1993-жылы "мыйзамдагы ууру" аталган. 1994-жылдан баштап каракчылык, курал-жарак жана баңгизат сактоо сыяктуу ар кандай кылмыштарга шектелип кармала баштаган. 2004-жылы Кыргызстанда курал-жарак жана баңгизатты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратылат.

Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр
Абакта мөөнөтүн өтөп жаткан кезде, 2005-жылы 20-октябрда, Батукаев отурган түрмөдө жаңжал чыгат. Кылмышкерлерди тартипке чакыруу үчүн ал жакка ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, коопсуздук жана коргонуу комитетинин башчысы Тынычбек Акматбаев (Рысбек Акматбаевдин бир тууганы) барат. Колониянын ичинде атышуу чыгып, андан Акматбаев менен бирге үч киши каза тапкан. Маалыматтарга караганда, депутатка беш жолу ок тийген.

Бул окуяга байланыштуу Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Алты жылдан кийин Батукаевдин иши кайра жанданды. Тагыраагы, ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында 2018-жылда жасап жаткан иштери боюнча отчет берип жатып, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирди.

Кайырмакка алгач эле дарыгерлер түштү...

Батукаевдин иши башталгандан көп өтпөй, май айынын башында, кримтөбөлгө рак диагнозун коюуга шектелип онколог жана лабораториянын бир кызматкери кармалды. Алар дароо эле №1 убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилди

Камалган дарыгер — балдар онкологу Эмил Макимбетов. Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Жунушалиева Макимбетов онкологиялык ооруга кабылган балдарга операция жасаган жалгыз хирург, профессор экенин айтып, ал Онкология борборунун балдар бөлүмүн баштан-аяк түптөгөнүн баса белгилеген. Буга чейин балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар Макимбетовду үй камагына чыгарууну суранып акция өткөрүшкөн. Учурда лаборант Ирина Цопова, Эмил Макимбетов экөө тең камакта. 

© SputnikБалдар онкологу Эмил Макимбетов
Батукаев ала жаткан аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу Эмил Макимбетов

Көп өтпөй ИИМ кызматкерлери №47 түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атаходжаев, Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгери Канат Байтемиров жана ЖАМКтын медициналык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асановду кармашкан. Бирок сот Асанов менен Байтемировду үй камагына чыгарып, Атаходжаевди эки айга камакта калтырган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева

© Фото / пресс-служба ЖК КРМурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева
Батукаев ала жаткан аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева

Дарыгерлердин артынан эле Саламатык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Сагинбаева кармалды. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча 14-майда ИИМге суракка чакырылган. Кезинде Саламаттык сактоо тармагын башкарып турган Сагинбаевага сот "убактылуу кармоочу жайда болсун" деген чечим чыгарып, Бишкек ШИИБдин тергөө абагына киргизилген. Ал арада депутат Ирина Карамушкина кылмыш кодекстери жаңыланып гуманизацияланганы менен Сагинбаеванын камакка алынышы эч кандай гуманизацияга жатпай турганын айтып, аны үй камагына чыгарууну суранган. 10 күндөн кийин Биринчи Май райондук соту Сагинбаеванын бөгөт чарасын карап, Жазык-процессуалдык кодексинин 118-беренесин эске алуу менен Сагинбаеваны сот залынан үй камагына бошоткон. Анын үй камагына чыккан себебин Башкы прокуратура Сагинбаеванын тергөө менен иштешүүгө макул болгондугу менен түшүндүрдү.

ЖАМК төрагасынын мурунку кеңешчиси

Саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен кошо Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

Шамил Атаханов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы вице-премьер Шамил Атаханов
Батукаев ала жаткан аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов

21-май күнү мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эки күндөн кийин Шамил Атаханов №1 тергөө абагына камалган.

Бирок Атаханов да тергөө абагында көпкө отурган жок. Сагинбаевага окшоп тергөө менен иштешүүгө макул болгондуктан сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, 8-июнда үй камагына чыгарды. Эске салсак, Батукаев абактан бошотулган учурда Шамил Атаханов күч блогу боюнча вице-премьер болчу.

Нарын шаарынын мурдагы соту

Женщина ударила Манаса Арабаева сумкой по голове, тот отшатнулся — видео - Sputnik Кыргызстан
Соттон чыккан Арабаевди жаалданган аял сумка менен башка чапты. Видео
23-майда Башкы прокуратура Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматовго кине тагылганын кабарлады. Эрматов Батукаевдин "айыккыс оорусунан" улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген деп шектелүүдө. Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү ("Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу") жана 317-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Бирок камалган эмес.

Аида Салянова

© Sputnik / Нурис АлымбаевАида Салянова сотко алынып келди. Видео
Батукаев ала жаткан аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянова сотко алынып келди. Видео

2013-жылы башкы прокурор болуп турган Аида Салянова 3-июнда кармалды. Салянова башында Батукаевдин иши боюнча айрым кармалган шектүүлөр менен беттештирүү үчүн чакырылган. Ошону менен Салянова кайра чыгарылган жок. 4-июнда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, 5-июнда Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин №1 тергөө абагында камакта калсын деген чечимин чыгарды.

Салянованын камалышына нааразы болгон тарапташтары сот имаратынын алдында чуу көтөрүштү.

Зарылбек Рысалиев

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Зарылбек Рысалиев
Батукаев ала жаткан аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин - Sputnik Кыргызстан
Депутат Зарылбек Рысалиев

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын айтканда депутат Зарылбек Рысалиев: "Мени качан чакырышат, качан барам?" - деп суроо салып, Батукаевдин иши боюнча Башкы прокуратурага жөнөткөн сурамы эмне болгонуна кызыккан. Башкы прокурор тергөө органдары депутатты сөзсүз түрдө чакыра турганын, иштер пландаштырылып жатканын кошумчалаган.

Динара Сагинбаева кармалган учурда айрым ЖМКлар Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылып, ал жактан жыгылып калыптыр деген маалыматтарды чыгарышты. Рысалиев Жогорку Кеңештин жыйынында бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, жүрөгү кармап өлүп калгыдай жөнөкөй киши эмес экенин билдирген.

Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов  - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов Аида Саляновага каршы ким көрсөтмө бергенин айтты
Майдын 21инде ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берип чыккан. Аида Салянова камалгандан кийин 7-июнда Рысалиев кайра прокуратурага чакырылат. Төрт сааттык сурактан кийин тыныгууга убакыт берилип, ошол учурда депутат өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Дарыгер Рысалиевдин абалы оор экенин айтып, инсультка кабылышы мүмкүн деген божомолун айткан. Депутат ушу тапта оорукананын реанимация бөлүмүндө.

Жалпы жонунан алганда Батукаевдин иши боюнча учурда Аида Салянова баш болуп, ЖАМК төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, онколог Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана №47 түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атаходжаев болуп беш адам темир тор артында отурат. Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева, мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов жана эки дарыгер болуп төрт адам үй камагына чыгарылды. Депутат Зарылбек Рысалиев ооруканада жатса, Нарын шаарынын сотуна козголгон кылмыш иши боюнча азырынча тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0