00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шыкмаматов Аида Саляновага каршы ким көрсөтмө бергенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмамбет Шыкмаматов Салянова кандай негиз менен кармалганы боюнча да түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын баш коргоо чарасы түштө Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле Саляновага дарылары менен жылуу кийимдерин беришкенин айтты. Аны менен катар Салянова эмне негиз менен кармалганы боюнча да түшүндүрмө берди.

"Аскер прокурору эки күн УКМКнын камагында отуруп чыгыптыр. Тергөөчү менен "Мени чыгарасыңар, мен көрсөтмө берем" деп макулдашыптыр. Ал Салянова буйрук берген деген мааниде көрсөтмө бериптир. Салянова менен анын көрсөтмөлөрү бири-бирине каршы келет", — деди депутат.

Шыкмаматов азырынча ушул гана маалымат берилгенин, тергөөнүн купуя сыры деген жүйө менен башка маалыматтар айтылбаганын кошумчалады. Эл өкүлү, андан сырткары, Салянованын кичинекей кызы бар экенин, адвокаттар сотко ошону жана башка жагдайларды эске алып, аны үй камагына чыгаруу боюнча кайрыларын белгиледи.

"Бул боюнча сот кандай чечим кабыл аларын көрөбүз", — деди эл өкүлү.

Учурда ШИИБдин имаратынын алдына чогулган Салянованын жактоочулары тарап жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, Салянованы 3-июнда саат 15:00дөр чамасында үйүнөн сурак берүү үчүн ИИМдин имаратына алып кетишкен. Түнкү саат 12:00дөр чамасында аны ШИИБге алып келишкен.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткен учурда башкы прокурор кызматын ээлеп турган.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган.

Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0