00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты

© Фото / Гулзат ЖапановаКримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган бөлүмдүн башчысы Гүлмира Жунушалиева билдирди.

© Фото / Гулзат ЖапановаКримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты
Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты - Sputnik Кыргызстан
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты

Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн чыгарылган.

Акцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.

© Фото / Гулзат ЖапановаАкцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.
Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты - Sputnik Кыргызстан
Акцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.

Жунушалиева Макимбетов онкологиялык ооруга кабылган балдарга операция жасаган жалгыз хирург, профессор экенин баса белгилеп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышканын айтты.

"Онкология борборунун балдар бөлүмүн баштан-аяк түптөгөн Макимбетов десем жаңылышпайм. Бардык күчүн, эмгегин ушул тармакка жумшап, беш жылдын ичинде бөлүмдү дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып жасады. Биздин бөлүмдө иштеген дарыгер-онкологдордун баары анын аспиранттары, окуучулары. Бардык бейтаптар ушул кишиден консультация алчу. Профессор эч жакка деле качып кетмек эмес, ал биздин жетекчи, илимий жактан да карайт, бөлүмдүн да көзгө басаар кишиси болчу. Бийликтен аны үй камагына чыгарууну өтүнөбүз", — деди Жунушалиева.

Врач. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Батукаевден рак аныктап чыккан медиктерге башка айыптар да коюлууда
Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.

Кримавторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчёт берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0