Трансформатордун будкасына кирип күйүп калган 6 жашар кыздын абалы оор

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарындагы булактын билдиришинче, алты жашар кыз 5-майда трансформатордун будкасына кирип кеткен.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Трансформатордун будкасына кирип кеткен алты жашар кыздын абалы оор экенин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Кыздын абалы оор, колу күйүп калган. Бир операция жасалды. Эми мындан ары кантип дарылоо керектигин карап жатабыз", — деди Жумабеков.

Кыздын күйүп калган колу кесилиши ыктымалдыгы да айтылды.

Буга чейин маалымдалгандай Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жумабек көчөсүндө турган трансформатордун будкасына кирип кеткен кичинекей кыз жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0