Душманын баалай билген киши гана жоону жеңет. Султан Раевдин кеп казынасы

© Sputnik / Айша КамиловаВ Оше состоялась премьера спектакля "Барсбек"
В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султан Раев 1958-жылы 13-июлда  Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында жарык дүйнөгө келген.

62 жашка чыккан жазуучу жана драматург Султан Раевдин чыгармаларын барактап, элге нуска болчу сөздөрүн чогулттук.

Болочоктогу белгилүү калемгер элеттеги мектепти аяктагандан кийин Москвага барып Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшыра албай калат. Андан соң аскер кызматын өтөп, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган.

Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы

Жаш талант эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин кабарчылыгынан баштап, кийин "Кыргызстан маданияты", "Жаштык жарчысы", "Кыргыз Руху", "Асаба" басылмаларында иштеген. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтүп, 2004-2005-жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы катары эмгектенген.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты "Жанжаза", "Топон" романы, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептеринин автору. Ал чыгармалар орус, украин, француз, кытай тилине да которулган. Ал эми "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек", "Илек-илек", "Таажы" драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларда коюлуп келет.

Бас гитара чертип, Beatles ырларын аткарган Султан Раев. Драматург тууралуу 7 факты

***

Адам эң оболу өзүн-өзү акылы менен аңдап билмейин, Кудайдын улуулугун аңдап биле албайт.

***

Адам даңкты эмес, даңк адамды ээрчиш керек.

***

Түбөлүктүүнү убактылуу менен алмаштыра албайсың.

***

Чыныгы жоокер өз душманын баалай билиши керек. Душманын баалай билген адам гана душманын жеңе алат.

***

Уңгу сөз улууга жарашат...

***

Кыргыз, кыргыз, кыргыз, кыргыз
…………………………………………………….. чылык

Койнуңа бир кумалак кирип алган!..
Күндү Сен күрөк менен дүйнөнүн очогуна салып салдың…

Күйүттү өлүм эңсейт, кыпкызыл чоктуу дүйнө чок болуп турат мына…
Адамды отко салып, адамды чоктон алып…

***

Биз каалайбызбы же каалабайбызбы бу дүйнөдө эки адам гана түбөлүктүү деп келишет: гений менен тиран деп. Булардын артынан: генийден акыл казына, тирандан аккан кан калган.

***

Мезгил бизди балалык доордон канча алыстаткан сайын, балалык мезгил мага барган сайын улуу жомоктой сезиле берет...

***

Чыгармачылык убакытка да, мезгилге да, шартка да, кызмат абалга да баш ийбеген өзгөчө стихия, жан дүйнөнүн жанар тоосу.

***

Раевдин "Жанжаза" романы жөнүндө 7 факты. Каркылдаган каргалар илхам берип…

– Мага өлбөстүн дарысын жасап бер, менин түбөлүк жашагым келет, – деди Чынгыс хан айтар кебин маалкатпай.
– Түбөлүк жашоонун дабасы бар, а бирок дарысы жок!.. – деди аалым.

– Дабасы эмне?.. – деди Чынгыс хан.
– Жашоонун маңызы... – деди Аалым.

– Анын маңызы эмнеде?
– Адамдын адам бойдон калышында, – деди аалым.

– Ушу элеби?! – Сиркеси суу көтөрбөй ызырына түштү Чынгыс хан.

***

Адамдык өмүрдүн узак-узак жолдору да анын чаң жолдорунан башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0