00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бас гитара чертип, Beatles ырларын аткарган Султан Раев. Драматург тууралуу 7 факты

© Фото / из личного архива Султана РаеваТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург, акын, коомдук ишмер Султан Раевдин архивдик сүрөтү
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург, акын, коомдук ишмер Султан Раевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург, акын, коомдук ишмер Султан Раевдин туулган күнү.

Жараткан чыгармалары менен дүйнө жүзүнө таанылган инсан 13-июлда 60 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш кезинде ырдап, кино тартууну эңсеген инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кинорежиссер болгусу келген. Султан Раев Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы туулган. Мектепти аяктаган соң Москвага барып Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшыра албай калат. Анткени айылдан келген жигит окуу жайды 2-3 күн издеп жүрүп сынакка катышууга үлгүргөн эмес. Аскер кызматын өтөп, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган.

© Фото / из личного архива Султана РаеваСултан Раев Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы туулган
Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев - Sputnik Кыргызстан
Султан Раев Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы туулган

Журналистикада чыйралган калемгер. Жаш жазуучу эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин карабарчылыгынан баштап, кийин "Кыргызстан маданияты", "Жаштык жарчысы" гезиттердинде иштеген. Кийин "Кыргыз Руху" басылмасын негиздеген. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтөт. Бул мезгил аралыгында тажрыйба топтоп калеми курчуйт. Андан сырткары, 2004-2005 жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы да болуп иштеген.

© Фото / из личного архива Султана РаеваРаев алгач эл алдына ырдап чыккан. Төрт адамдан турган "Жаңырык" тобунда бас гитара чертип, рок ырларын аткарган жайы бар
Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев - Sputnik Кыргызстан
Раев алгач эл алдына ырдап чыккан. Төрт адамдан турган "Жаңырык" тобунда бас гитара чертип, рок ырларын аткарган жайы бар

Мектепте Beatles тобуна таасирленип, обон созгон. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты мектепти аяктап калганда төрт адамдан турган "Жаңырык" тобунда бас гитара чертип, эл алдына ырдап чыккан. Алар ошол маалда дүйнөнү дүңгүрөткөн британиялык Beatles тобуна таасирленип, англис тилинде рок ырларын аткарган жайы бар.

Министр Раев — мамлекеттик кызматкер. Өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер эки жылдай Билим берүү жана маданият министринин орун басары, 2005-жылы Маданият жана маалымат министри, президенттин кеңешчиси, кийин Курманжан датка, Маданият жана тарых жылдарын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча дирекцияларды жетектеген.

© Фото / из личного архива Султана РаеваЕлизавета II ханыша тарабынан жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бирине мейман катары чакырган
Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев - Sputnik Кыргызстан
Елизавета II ханыша тарабынан жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бирине мейман катары чакырган

Атагы Англияга чейин жеткен калемгер. КРдин эл жазуучусун 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бирине мейман катары чакырган. Ага дүйнө жүзүнөн саналуу гана адамдар катышкан. 2006-жылы драматургдун "Акыркы керээз" спектакли Англияда коюлуп, ВВС каналында көргөзүлүп, Европага тааныла алган.

Таланттуу драматург. Султан Раев өзүнүн чыгармачылыгында бир топ салмактуу чыгармаларды жаратты. Анын "Жанжаза", "Топон" романы, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилине которулуп, жарык көргөн. Ал эми "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек" "Илек-илек", "Таажы" драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларга коюлуп, бир катар сыйлыктарга ээ болду.

© Фото / из личного архива Султана Раева2005-жылы Маданият жана маалымат министри, президенттин кеңешчиси, кийин Курманжан датка, Маданият жана тарых жылдарын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча дирекцияларды жетектеген
Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев - Sputnik Кыргызстан
2005-жылы Маданият жана маалымат министри, президенттин кеңешчиси, кийин Курманжан датка, Маданият жана тарых жылдарын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча дирекцияларды жетектеген

Сыймыктуу үч кыздын атасы. КМШнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жубайы экөө үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын эң улуусу Санкт-Петербург каржы-экономикалык инстутутун аяктаган. Учурда ал Кыргызстанда кесиби боюнча иштейт. Ортончу кызы Кореядагы ЖОЖдордун бирин бүтүрүп, Бишкекте БУУнун өнүктүрүү программасында эмгектенип келет. Ал эми кенжеси Кытайда билим алып, азыр кинематография боюнча билимин Нью-Йорк шаарында улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0