Раевдин "Жанжаза" романы жөнүндө 7 факты. Каркылдаган каргалар илхам берип…

Жазылуу
Биз бүгүн кыргыз адабий айдыңында башкача боёк менен пайда болуп, окурманды ойлондурган, толгонткон чыгарма тууралуу сөз кылмакчыбыз. Sputnik Кыргызстан драматург, жазуучу Султан Раевдин "Жанжаза" романы тууралуу 7 фактыны сунуштайт.
© Sputnik / Уулкан Бактыбек кызыДраматург, жазуучу Султан Раевдин "Жанжаза" романы
Роман Жанжаза Султана Раева - Sputnik Кыргызстан
Драматург, жазуучу Султан Раевдин "Жанжаза" романы

Романдагы жети адам. Чыңгызхан, Искендер Зулкарнайн, Лир, Клеопатра, Таис Афинская, Император жана Козучактын жандары башка адамдарга, жиндилерге кирип, башка адамдардын денеси аркылуу жаза алгандыгы чагылдырылат. Алар автордун сөзү менен айтканда, Жиндилер өлкөсүндө жашап калышат. Жетөөнү бир максат байланыштырып турат — бул жерден качып чыгып, Ыйык Жерге барып күнөөлөрүнөн арылып, ошол аймакта жашап калуу. Ар биринин өздөрүнүн күнөөлөрү бар. Чыңгызхан өз канынан жаралган кызы менен бир төшөктө жатып алышы, Императордун Кудайды тааныбай, эч кимди теңине албай, өзүн Жаратканга теңеп алгандыгы, Клеопатранын эркекке тойбогон аялдык сугалактыгы, Таис Афинскаянын денесин сатып, сойкуга айлангандыгы жана башкалар. Аягында каармандар чындыкты табышабы, Ыйык Жерге жетишеби? Окуя ушул түйүнү чечилбеген суроолордун айланасында жүрөт. Автор акыры келип жамандыкты жакшылык, караны ак, арамды адалдык жеңерин баса белгилейт. Чыгарманы окуп жатып, сен хансыңбы, кулсуңбу, эркексиңби, аялсыңбы, байсыңбы, кедейсиңби — айырмасы жок, баары бир күнөөлөрүң үчүн жооп бересиң. Сен болбосоң, балдарың, артыңда калган тукумуң жооп берерине ынанасың.

Алп Айтматов баа бериптир. "… бул абдан терең ойду камтыган философиялык чыгарма. Эмоцияга, энергияга өтө бай. Бирок окурман мындай чыгарманы кабыл алууга даяр болушу кажет ", — деп Айтматов тирүү кезинде романдын жазылып бүткөн бөлүгүн окугандан кийин айтканы бар. 

Султан Раев апрасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы
Анткен менен сын-пикирлер да болду. Акын Олжобай Шакир чыгарманы бир дем менен окуп чыга албаганын, башталганда эле автор эмнени айткысы келгендиги ачылып калганын айткан. "Автор окурманды финалга жетелей алган эмес, ушундан улам анын аягына чейин чыга албай койдум",— деген ал.

Жылдын мыкты романы. "Жанжаза" романы Мухтар Ауэзов атындагы казакстандык фондунун, Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиянын чечими менен "2014-жылдын эң мыкты романы " наамына татыган.

Автор романды 90-жылдары баштаган. Башында ойлогон идеясы өзгөрүп, башка нукка бурулуп отуруп, жыйырма жылдай убакыт өтүп кеткен. Ошентип чыгарма 2012-жылы гана жарык көргөн.

Каргалардын каркылдашы илхам жаратканда. Жазуучу чыгармага отурганда реалдуу жашоосун унутуп, чыгармадагы каармандардын жашоосуна аралашып, виртуалдуу дүйнөдө жашап калгандыгын айтат. "Бир жолу чыгарманы жазып жатып, каргалардын каркылдашы дагы мага андан ары чыгарманы улантуума түрткү болгон", — деп эскерет автор.

Башка тилдерге которула баштады. "Жанжаза" романы 2012-жылы жарык көрүп, азырынча орус, түрк, казак тилдерине которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0