00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты

© Sputnik / Мирбек СакеновБелгилүү кино жана театр актеру, кыргыз эл артисти Чоро Думанаев. Архив
Белгилүү кино жана театр актеру, кыргыз эл артисти Чоро Думанаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү кино жана театр чебери Чоро Думанаевдин туулган күнү. Өмүрүн театрга арнап, бирок экрандын да жылдызына айланган бул инсан 68 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Чоро Думанаев жөнүндө фактыларды сунуштайт.

Он жашында киного тартылган. Чоро Думанаев 1952-жылы 20-июнда Нарын облусундагы Миң-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Фрунзе шаарында актёр Асанкул Осмонов агасыныкында өткөн. Анткени атасы уулун борбор калаага билим алууга жөнөткөн. Элеттен келген бала орус тилин билбегендиктен кайра он жашында биринчи класска кирип, ошол эле жылы "Космонавттар көчөсү" киносуна тартылган.

© Sputnik / Александр ФедоровБүгүн белгилүү кино жана театр чебери Чоро Думанаевдин туулган күнү. Өмүрүн театрга арнап, бирок экрандын да жылдызына айланган бул инсан 68 жашка толду
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү кино жана театр чебери Чоро Думанаевдин туулган күнү. Өмүрүн театрга арнап, бирок экрандын да жылдызына айланган бул инсан 68 жашка толду

Окуусун таштаган студент. Думанаев жаштайынан чыгармачыл инсандарга, кино жана театр тармагына аралашып, жуурулушуп кеткен. Мектепти аяктаган соң аны агасы курулуш техникумуна тапшырткан. Бирок маданиятка жакын болгон жаш жигит эч кимге айтпай окуусун таштап, режиссёр Болот Шамшиевге кошулуп, кино тартууга кетип калган. Ошентип Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров сыяктуу залкарлар менен да иштешип, бир катар фильмдерде роль жараткан.

Артисттигин арттырып, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны 1974-жылы бүтүрүп, кийин Ташкент шаарындагы Николай Островский атындагы театралдык институтту аяктаган.

© Sputnik / Александр ФедоровЭлеттен келген бала орус тилин билбегендиктен кайра он жашында биринчи класска кирип, ошол эле жылы "Космонавттар көчөсү" киносуна тартылган
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Элеттен келген бала орус тилин билбегендиктен кайра он жашында биринчи класска кирип, ошол эле жылы "Космонавттар көчөсү" киносуна тартылган

Думанаев жана кино. Чоро Думанаев "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" сыяктуу түрдүү жанрдагы 20дай кино картиналарда роль жаратып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

Үй маселеси. Чыгармачыл инсан узак убакыт үйлүү боло албай кыйналып, 20 жылдан ашык убакыт жатаканада күн кечирген. Бул туурасында өзү да айтып берди. Үч жыл мурда жеке ишкер ага бир бөлмөлүү батирди белекке берип, артист көптөн күткөн турак-жайга ээ болгон.

© Фото / пресс-служба Кыргызского драмтеатра им. АбдымомуноваКРдин эмгек сиңирген артисти Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында 1975-жылы иштей баштаган. Актёр 45 жылдан бери аталган театрда эмгектенип келет
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында 1975-жылы иштей баштаган. Актёр 45 жылдан бери аталган театрда эмгектенип келет

Театрга арналган өмүр жана 45 жыл. КРдин эмгек сиңирген артисти Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында 1975-жылы иштей баштаган. Актёр 45 жылдан бери аталган театрда эмгектенип, кезинде Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар менен иштешсе, азыр сахнага кийинки муун менен чыгууда. Ал жараткан образдар театр сүйүүчүсүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

© Фото / из семейного архива Чоро ДуманаеваЧоро Думанаев "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" сыяктуу түрдүү жанрдагы 20дай кино картиналарда роль жараткан
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Чоро Думанаев "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" сыяктуу түрдүү жанрдагы 20дай кино картиналарда роль жараткан

Болот Бейшеналиевдин күйөө баласы. Театр жана киноактёр биринчи никесинен эки уулдуу болгон. Экинчи жубайы белгилүү актёр Болот Бейшеналиевдин кызы, алар бир баланы тарбиялап өстүргөн. КР эл артистинин жубайы борбор калаадагы ооруканалардын биринде эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0