Бишкектин ортосуна коюла турчу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети жарыяланды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекСүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу актердун айкели Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин борборуна орнотула турганын мэриянын маалымат кызматы билдирип, эстеликтин макетин жарыялады.

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин ортосуна коюла турчу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети
Макет памятника Суйменкулу Чокморову - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ортосуна коюла турчу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети

Улуу актердун айкели Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлат. Эстеликти коюу демилгеси Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан көтөрүлгөн.

Коюла турчу айкелдин узундугу 3,6 метрди түзөт. Эстеликтин архитектору Олег Лазарев, скульптору Азамат Кожегулов.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0