00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
06:04
43 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
07:04
44 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
"Важно не ругать себя за ошибки, а учиться на них" - беседа с писателем
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын ички муктаждыгы үчүн сырттан 350-400 миң тонна буудай алып келинет – арзан буудай алууга ЕАЭБ биримдиги кандай жардам берет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Борьба с отходами через ремесло и прикладное искусство
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Келишимдерди банктык коштоо деген эмне? Кыргызстанда бул инструмент кандай иштейт?
13:04
21 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

27 жылдан бери директор! Бишкектин мектеп жетекчилери тууралуу статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовПресс-конференции в Бишкеке
Пресс-конференции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилери бир билим берүү жайын канча убакыттан бери башкарып келе жатканын билип көрдү. Ошондой эле алардын жаш курагына да кызыкты.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги мектептердин долбоордук сыйымдуулугу менен азыркы тапта ал жакта канчадан бала окуп жатканы тууралуу материал жасаган. Анда айрым мектептер 500 балага ылайыкташып курулганы менен 3000ден ашык окуучу билим алып жатканына күбө болгонбуз. Бирок бардык эле мектепте мындай эмес экен. Долбоордук сыйымдуулугу 500 балага ылайыктап курулуп, бирок ал жакта 300-400 эле окуучу окуган мектептер да бар.

Эми шаардагы муниципалдык 97 мектепти кайсы директор канча жылдан бери башкарып келе жатканына кызыгып көрдүк. Ага кошумча жаш курагын да биле алдык.

Маалыматтар Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан алынды.

Эң көп окуучу окуган мектептердин тизмесинин сап башында Горький көчөсүндө жайгашкан №29 гимназиялык билим берүү мектеп-комплекси. Анын жетекчиси Бахтияр Кадыров 58 жашта, аталган мектепти төрт жылдан бери башкарат.

Бир мектепти көп жылдан бери жетектеген директорлордун алдыңкы тизмесинде №28 мектеп-лицейинин директору 63 жаштагы Гүлмира Бектурганова менен №1 мектеп-гимназия интернатын башкарган 62 жаштагы Нуркалый Байматов турат. Алар директорлук кызматта 27 жылдан бери иштеп келе жатышыптыр. Эске салсак, №28 мектеп лицейи 600 балага ылайыкташып салынган, учурда анда 1451 бала билим алат. Ал эми №1 мектеп-гимназия интернаты 540 балага ылайыкташып курулганы менен 474 эле окуучу билим алат.

Назначение нового директора школы №6 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
№ 61,73, 10 жана 68 мектеп-гимназияларынын жетекчилери 26 жылдан бери жетекчилик кызматта. Бардыгынын жаш курагы 60тан ашкан. №1 менен №52 мектептердин директорлору жаңы эле дайындалыптыр. Тагыраагы, иштегендерине бир ай гана болду.

Мектеп жетекчилери боюнча буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары ар түрдүү пикирин айтышкан. Айрымдары көп жыл бою кызматтан кетпей жүргөн директорлордун ишин текшерүү керек экендигин билдирсе, кээ бир эл өкүлдөрү мектеп жетекчилеринин жаш курагын сурап, улгайып калгандар өздөрү эле жаш мугалимдерге орун бошотуп берсе деген пикирлерин айткан.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, 2014-жылы чыккан токтомго ылайык директорлор беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ийгиликтүү иштеп, көрсөткүчү жакшы болуп турса, экинчи мөөнөткө калтырылат. Андан ашышы мүмкүн эмес. Бирок ага чейинки мыйзамда чек коюлбай, өзүнүн макулдугу менен гана кызматтан кетчү. Мындан улам министрлик 2014-жылкы токтом чыкканга чейин келишим түзгөн директорлор менен келишимин буза албайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0