https://sputnik.kg/20261115/1104905937.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулдуКушнер Украина чатагын жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун айттыЖапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн... 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T13:00+0600
2026-11-15T13:00+0600
2026-11-15T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104905771_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f76a2693c59a352523a1c70e341e428d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулдуКушнер Украина чатагын жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун айттыЖапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталарын айтты
Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-ноябрда, Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолукканда суроого жооп берип жатып айтты.Өлкө башчыга жергиликтүү тургун кайрылып, балдардын укугун эле эмес, милдеттерин дагы карап чыгуу керектигин айткан. Жапаров анын сөзүнө кошулуп, мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты. "Балдардын укугу дүйнө жүзү боюнча корголот. Аларды тарбиялоо ар бир ата-эненин өз милдети. Туура айтасыз, биз деле убагында эртеден кечке чейин оокат кылып, картошка отоп, чөп чаап, мал карачубуз. Андан өлүп калган жокпуз. Ата-энебиз берген тарбия. Мамлекет ар бир баланы карай албай, албетте мугалимдер иштеп жатат, бирок балдарга тарбия берүү биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат", — деди президент.
Бишкектеги Манас көчөсүнө бир жолку жашылдандыруу акциясынын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Отургузулган көчөттөрдүн 5 миң 263ү гибрид терек, 700ү тал жана 37си алма дарагы. Алардын бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин жетет. Мэрдин айтымында, көчөттөр Бишкектеги муниципалдык питомникте өстүрүлгөн. Аларды сугаруу үчүн автоматтык система да орнотулду.
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар фото жана видео менен көзөмөлдөнө баштады Бишкек мэриясы унаа токтотмонун акысын ким төлөп-төлөбөгөнүн текшерүү азырынча сынамык тартипте экенин билдирди. Андыктан муниципалдык мүлктү колдонгондон кийин акысын убагында төлөөгө чакырды. Төлөбөй кеткендерге мыйзамга ылайык, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынмакчы. Унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сом. Дем алыш жана майрам күндөрү бекер.
Ош облусунда "Ынтымак" чек ара посту ачылып, Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын кызматкерлерине 20 батирлүү кызматтык үй тапшырылды. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Кызматтык турак үй республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бардык заманбап шарттары менен берилди. Иш-чарада Аманкан Кенжебаев чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Ал тынчтык менен туруктуулук өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин айтып, коңшу мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөгө чакырды.**Украина боюнча АКШ өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында чатакты жөнгө салууга багытталган жаңы идеялар пайда болду. Бул тууралуу өлкө президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, тараптар жеңилдиктерге барууга даяр. Ошондой эле НАТО коопсуздукка жоопкер маанилүү уюм экенин айтып, Европадагы өнөктөштөрдү да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыштыруу керектигин белгиледи. “Учурда биз Москва менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы түз байланыштарды уюштурууга жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын күн тартибин даярдоого көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалаган ал. Эскерте кетсек, бейшемби күнү Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшкөн. Андан кийин америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан.
Бишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулдуКушнер Украина чатагын жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун айттыЖапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталарын айтты Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-ноябрда, Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолукканда суроого жооп берип жатып айтты.Өлкө башчыга жергиликтүү тургун кайрылып, балдардын укугун эле эмес, милдеттерин дагы карап чыгуу керектигин айткан. Жапаров анын сөзүнө кошулуп, мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты. "Балдардын укугу дүйнө жүзү боюнча корголот. Аларды тарбиялоо ар бир ата-эненин өз милдети. Туура айтасыз, биз деле убагында эртеден кечке чейин оокат кылып, картошка отоп, чөп чаап, мал карачубуз. Андан өлүп калган жокпуз. Ата-энебиз берген тарбия. Мамлекет ар бир баланы карай албай, албетте мугалимдер иштеп жатат, бирок балдарга тарбия берүү биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат", — деди президент.Бишкектеги Манас көчөсүнө бир жолку жашылдандыруу акциясынын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Отургузулган көчөттөрдүн 5 миң 263ү гибрид терек, 700ү тал жана 37си алма дарагы. Алардын бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин жетет. Мэрдин айтымында, көчөттөр Бишкектеги муниципалдык питомникте өстүрүлгөн. Аларды сугаруу үчүн автоматтык система да орнотулду. Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар фото жана видео менен көзөмөлдөнө баштады Бишкек мэриясы унаа токтотмонун акысын ким төлөп-төлөбөгөнүн текшерүү азырынча сынамык тартипте экенин билдирди. Андыктан муниципалдык мүлктү колдонгондон кийин акысын убагында төлөөгө чакырды. Төлөбөй кеткендерге мыйзамга ылайык, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынмакчы. Унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сом. Дем алыш жана майрам күндөрү бекер.Ош облусунда "Ынтымак" чек ара посту ачылып, Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын кызматкерлерине 20 батирлүү кызматтык үй тапшырылды. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Кызматтык турак үй республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бардык заманбап шарттары менен берилди. Иш-чарада Аманкан Кенжебаев чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Ал тынчтык менен туруктуулук өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин айтып, коңшу мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөгө чакырды.**Украина боюнча АКШ өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында чатакты жөнгө салууга багытталган жаңы идеялар пайда болду. Бул тууралуу өлкө президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, тараптар жеңилдиктерге барууга даяр. Ошондой эле НАТО коопсуздукка жоопкер маанилүү уюм экенин айтып, Европадагы өнөктөштөрдү да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыштыруу керектигин белгиледи. “Учурда биз Москва менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы түз байланыштарды уюштурууга жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын күн тартибин даярдоого көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалаган ал. Эскерте кетсек, бейшемби күнү Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшкөн. Андан кийин америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104905771_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4f21644e5cd348dc632c2ff3741be75f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио