https://sputnik.kg/20261115/1104902712.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллектинин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен... 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T08:59+0600
2026-11-15T08:59+0600
2026-11-15T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104902546_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5fd6b8f73b3a28667db3441efc56a247.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллектинин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Жаңы система Жеңиш проспекти менен Калинин көчөсүнүн кесилишине коюлду. Ал унаа агымына жараша жол чырактын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алары айтылды. "Мисалы, солго бурулчу унаалар көбөйсө, система кошумча тилкени да солго багыттайт. Өзгөрүү тууралуу айдоочуларга кесилиштеги LED-экрандар маалымат берет", — деп айтылат билдирүүдө. Система азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Ал камералар аркылуу унаа агымы боюнча маалымат чогултуп, кайсы багытта жана кайсы убакта автоунаалар көп топтолорун талдап жатат.
Кыргызстан Анталья шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун COP31 конференциясында климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча улуттук тажрыйбасын тааныштырды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын павильонунда министрлик тарабынан уюштурулуп, анда климаттын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү маселелери талкууланды. Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор түзөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы да олуттуу чакырык экенин айтты. Иш-чарада аптаптуу ысыктын, катуу сууктун жана экстремалдык аба ырайынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, ошондой эле тоолуу аймактардагы жамааттарды климаттык тобокелдиктерден коргоо жолдору сунушталды. Кыргызстандын COP31ге катышуусу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук тажрыйбаны жайылтууга багытталган.
Тоң районунда туристтердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 миңден ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилген учурда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2021-жылы районго 5 миң 200 турист келген болсо, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен. Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен. Мындан тышкары, туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөр 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сомду түзгөн.
Украина Россиянын чабуулдарынан улам электр энергиясын өндүрүүчү мурдагы кубаттуулуктарынын жарымынан көбүнөн ажырады. Бул тууралуу Пентагон, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана USAID Конгресске даярдаган баяндамада айтыларын РИА Новости билдирди. Материалда электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системалары олуттуу жабыркаганы айтылат. Баяндама 2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.
Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллектинин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Жаңы система Жеңиш проспекти менен Калинин көчөсүнүн кесилишине коюлду. Ал унаа агымына жараша жол чырактын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алары айтылды. "Мисалы, солго бурулчу унаалар көбөйсө, система кошумча тилкени да солго багыттайт. Өзгөрүү тууралуу айдоочуларга кесилиштеги LED-экрандар маалымат берет", — деп айтылат билдирүүдө. Система азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Ал камералар аркылуу унаа агымы боюнча маалымат чогултуп, кайсы багытта жана кайсы убакта автоунаалар көп топтолорун талдап жатат.Кыргызстан Анталья шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун COP31 конференциясында климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча улуттук тажрыйбасын тааныштырды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын павильонунда министрлик тарабынан уюштурулуп, анда климаттын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү маселелери талкууланды. Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор түзөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы да олуттуу чакырык экенин айтты. Иш-чарада аптаптуу ысыктын, катуу сууктун жана экстремалдык аба ырайынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, ошондой эле тоолуу аймактардагы жамааттарды климаттык тобокелдиктерден коргоо жолдору сунушталды. Кыргызстандын COP31ге катышуусу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук тажрыйбаны жайылтууга багытталган.Тоң районунда туристтердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 миңден ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилген учурда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2021-жылы районго 5 миң 200 турист келген болсо, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен. Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен. Мындан тышкары, туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөр 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сомду түзгөн. Украина Россиянын чабуулдарынан улам электр энергиясын өндүрүүчү мурдагы кубаттуулуктарынын жарымынан көбүнөн ажырады. Бул тууралуу Пентагон, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана USAID Конгресске даярдаган баяндамада айтыларын РИА Новости билдирди. Материалда электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системалары олуттуу жабыркаганы айтылат. Баяндама 2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104902546_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5580ec36a5473825da301afff07d70a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио