00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын футбол командасы Кытай Тайбэйин жеңип алдыМосква европалык сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойтЭки айдан кийин өлкө боюнча желим баштыктарга тыюу салынат
Эки айдан кийин, тагыраагы, 1-январдан тарта өлкө боюнча желим баштыктарга тыюу салынат жана аймактарда экологияга зыян келтирбеген түрүнө өтүү мезгилдин талабы болуп турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жети-Өгүз, Тоңдун эли менен жолугуп жатканда айтты.Аталган маселени кагаз баштык чыгарган ишкер көтөрдү. Ал Ысык-Көлдө желим баштыктарга тыюу салынганына карабай, айрымдар кайра колдоно баштаганын билдирди. Ишкер эки ай мурда Чүйдө бул жатта өндүрүш ачканын да белгиледи. Ал бир айдан бери Ысык-Көлдөгү дүкөндөрдү кыдырып, кагаз баштык колдонууну сунуштап жүргөнүн кошумчалады. Жапаров ишкерди кабыл алып, жардам берерин айтты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагында өткөн жолдоштук беттеште Кытай Тайбэйинин командасын 3:0 эсебинде утту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады. Башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги алдында өткөн оюнда кыргызстандыктар артыкчылыгын көрсөтүшкөн.Голдорду Кайрат Жыргалбек уулу (31-мүнөт), Кожо Жоэл (44-мүнөт) жана Айзар Акматовдор (90+ мүнөт) киргизишкен. Эскерте кетсек, Вьетнамдагы жыйындын чегинде улуттук курама дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт. 17-ноябрда кыргызстандыктар Вьетнамдын улуттук курамасы менен күч сынашат.
Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, 2027-жылдан тарта тууган донору бар бейтаптардын боорун акысыз алмаштырууга шарт түзүлөт. Операцияларды Улуттук хирургия борборунда жана Ош мамлекеттик университетинин клиникасында пландуу жүргүзүү каралууда. Бир операция орточо 1,5 миллион сомго түшөт. Бул суммага дары-дармек, медициналык материалдар жана операциядан кийинки дарылоо кирет. Учурда фонд трансплантациядан бөйрөк алмаштырууну гана каржылары айтылган. Быйыл өлкөдө боор алмаштыруу боюнча 11 операция жасалган.
Кыргызстандын Япониядагы элчиси алмашты Ынтымак Ордонун маалыматына караганда, президент Эркинбек Осоевди Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотуп, анын ордуна Урмат Токтогуловду дайындады.
Россия европалыктарга алардын сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт. Бул туурасында Россиянын президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.Песков европалыктар менен пикир алышып, алардын позициясы Украина чатагын жөнгө салууга канчалык өбөлгө түзө аларын түшүнүү пайдалуураак болорун белгиледи. РФ лидери Владимир Путин бейшемби күнү Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүү өткөрдү. Мунун артынан америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугуп, Украина, Германия, Италия, Франция, Ирландия жана Польшанын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен сүйлөшүп, кеңешүүлөр жүргөн. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков европалык өлкөлөр Украина боюнча талкууга кошулууга аракет кылып жатканын, бирок алар эмнени каалаарын (согуш же тынчтык) биринчи кезекте чечип алышы керектигин билдирген. Муну менен катар Ушаков алардын бүгүнкү күнгө чейинки бардык жасап келген кадамдары дал ушул чатакты уланта берүүгө умтулуп жатканын айгинелеп турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0