Президенттикке талапкер 200 млн. сомго чейинки шайлоо фондун түзүшү керек
11:04 13.11.2026 (Жаңыртылды: 12:26 13.11.2026)
Президенттикке талапкер 200 млн. сомго чейинки шайлоо фондун түзүшү керек
Жазылуу
Коноктор
Тимур Оторбаев, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
Президентикке талапкер шайлоодогу чыгымдары үчүн 200 миллион сомго чейинки шайлоо фондун түзүшү керек. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев билдирди.Анын айтымында, шайлоо фондунун каражаттарынын төмөнкү жана жогорку чектери белгиленген. 54-беренеге ылайык, шайлоо фондунун жогорку чеги 200 миллион сомду түзөт.“КРдин конституциялык мыйзамынын негизинде ар бир талапкер өзүнүн шайлоо фондун ачышы керек. Бардык каржылоо шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш, андан тышкары башка булактардан каржылоого жол берилбейт. Шайлоо фондундагы каражаттар үгүтчүлөргө сый акы төлөөгө, кепкалар, жилеттер, блокноттор жана калем саптарды таратууга жумшалышы керек. Ал эми тамак-аш, кийим-кече жана акчалай каражаттарды таратууга тыюу салынат. Ошондой эле товарларды өздүк баасынан арзан сатууга болбойт. Шайлоо фондунун каражаттарынын төмөнкү жана жогорку чектери белгиленген. 54-беренеге ылайык, шайлоо фондунун жогорку чеги 200 миллион сомду түзөт. Талапкердин өздүк каражаттарынын көлөмү 15 миллион сомдон, саясий партиялардын каражаттары 50 миллион сомдон, ал эми жеке жана юридикалык жактардын салымдары да 50 миллион сомдон ашпоого тийиш”, — деди Оторбаев.Ошондой эле ал шайлоо фондунун каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлүндө болорун белгилеп, талапкерлер шайлоого чейин жана шайлоодон кийин шайлоо фондунун каражаттары боюнча отчетторду тапшырууга милдеттүү экенин кошумчалады.