https://sputnik.kg/20261116/1104911847.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин (кагаз баштыктарды) өндүргөн ишкерди жеке кабыл алууга убада берип, анын ишмердигине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T08:59+0600
2026-11-16T08:59+0600
2026-11-16T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104911681_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1535027480528ec80d36972f4ea8292.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин (кагаз баштыктарды) өндүргөн ишкерди жеке кабыл алууга убада берип, анын ишмердигине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул маселе мамлекет башчынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Жеке ишкер эки ай мурун кагаз баштыктарды чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизгенин айтып, продукцияны өлкө аймактарына жайылтуу үчүн мамлекеттик колдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле желим баштыктарды колдонууга толук тыюу салуу маселесин көтөрдү. Президент бул багыттагы өндүрүштү өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ишкерге: ”Жеке кабыл алаарын билдирди.
Мамкызматчыларды өз макулдугусуз өргүүдөн эрте чакыртып алууга болбойт Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, макулдукту телефон, санариптик же башка байланыш каражаттары аркылуу алууга болот. Ошондой эле кызматчылар жетекчилиги менен макулдашып, акы төлөнүүчү окутуучулук, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектене алышат. Мындай иш негизги жумуштун көлөмүнө же сапатына таасир этпеши жана кызыкчылыктардын кагылышын жаратпашы керек. Алар кайрымдуулук, ыктыярчылык жана башка коомго пайдалуу иштерди жүргүзгөн коомдук бирикмелерге да катыша алышат.
Ош облусунда "Ынтымак" (Кемпир-Абад) чек ара посту ачылып, Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын кызматкерлерине 20 батирлүү кызматтык үй тапшырылды. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Кызматтык турак үй республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бардык заманбап шарттары менен берилди. Иш-чарада Аманкан Кенжебаев чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Ал тынчтык менен туруктуулук өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин айтып, коңшу мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөгө чакырды.
АКШ Сенатынын тышкы иштер боюнча комитетиндеги демократ сенаторлор SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Масктан Украинада Starlink жана Starshield системаларынын иштешине байланыштуу бардык документтерди жана каттарды сактап коюуну талап кылышты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады. Сенаторлор Жин Шахин менен Крис Кунстун катынан алган үзүндүгө таянып, "украинанын жайкын тургундарына чабуул уланып жаткан маалда бул кызматтарга киргизилген акыркы чектөөлөр абадан коргонуу системасынын өтө маанилүү мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүккө учуратып, америкалык кызматкерлерди коркунучка кептеди. Ошондой эле SpaceX компаниясынын негизги байланыш каражаттарын көзөмөлдөшүнө байланыштуу олуттуу суроолорду жаратты" деп билдиргенин басылма жазды. Bloomberg агенттигинин айтымында, шайлоонун жыйынтыгында Сенаттан орун алган демократтар январда Конгресстин жаңы курамы ишке киришкенден кийин Масктын компаниясынын согуштагы ролун неги
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин (кагаз баштыктарды) өндүргөн ишкерди жеке кабыл алууга убада берип, анын ишмердигине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул маселе мамлекет башчынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Жеке ишкер эки ай мурун кагаз баштыктарды чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизгенин айтып, продукцияны өлкө аймактарына жайылтуу үчүн мамлекеттик колдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле желим баштыктарды колдонууга толук тыюу салуу маселесин көтөрдү. Президент бул багыттагы өндүрүштү өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ишкерге: ”Жеке кабыл алаарын билдирди.Мамкызматчыларды өз макулдугусуз өргүүдөн эрте чакыртып алууга болбойт Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, макулдукту телефон, санариптик же башка байланыш каражаттары аркылуу алууга болот. Ошондой эле кызматчылар жетекчилиги менен макулдашып, акы төлөнүүчү окутуучулук, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектене алышат. Мындай иш негизги жумуштун көлөмүнө же сапатына таасир этпеши жана кызыкчылыктардын кагылышын жаратпашы керек. Алар кайрымдуулук, ыктыярчылык жана башка коомго пайдалуу иштерди жүргүзгөн коомдук бирикмелерге да катыша алышат.Ош облусунда "Ынтымак" (Кемпир-Абад) чек ара посту ачылып, Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын кызматкерлерине 20 батирлүү кызматтык үй тапшырылды. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Кызматтык турак үй республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бардык заманбап шарттары менен берилди. Иш-чарада Аманкан Кенжебаев чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Ал тынчтык менен туруктуулук өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин айтып, коңшу мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөгө чакырды.АКШ Сенатынын тышкы иштер боюнча комитетиндеги демократ сенаторлор SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Масктан Украинада Starlink жана Starshield системаларынын иштешине байланыштуу бардык документтерди жана каттарды сактап коюуну талап кылышты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады. Сенаторлор Жин Шахин менен Крис Кунстун катынан алган үзүндүгө таянып, "украинанын жайкын тургундарына чабуул уланып жаткан маалда бул кызматтарга киргизилген акыркы чектөөлөр абадан коргонуу системасынын өтө маанилүү мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүккө учуратып, америкалык кызматкерлерди коркунучка кептеди. Ошондой эле SpaceX компаниясынын негизги байланыш каражаттарын көзөмөлдөшүнө байланыштуу олуттуу суроолорду жаратты" деп билдиргенин басылма жазды. Bloomberg агенттигинин айтымында, шайлоонун жыйынтыгында Сенаттан орун алган демократтар январда Конгресстин жаңы курамы ишке киришкенден кийин Масктын компаниясынын согуштагы ролун неги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104911681_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cdb27f1dfca923921072c341b44bbeed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио