00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

500 орундуу мектепте 3000 бала окуп... Бишкектин окуучу батпай калган билим жайлары

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы мектептер канча балага ылайыкташып салынганын жана учурда ал жакта канча окуучу билим алып жатканын билип көрдү.

Айрым мектептер 500 балага пландалып салынса, учурда ал жакта 3000ден ашык окуучу билим алып жатыптыр.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, учурда Бишкекте 97 муниципалдык мектеп иштеп жатат. Анын ичинде үч смен менен окуган 12 мектеп бар.

Эң көп окуучу окуган мектептердин тизмесине назар салсак, биринчи орунда Горький көчөсүндө жайгашкан №29 гимназиялык билим берүү мектеп-комплекси турат. Аталган мектеп 500 балага ылайыкташылып салынса, 2019-жылдын көрсөткүчү боюнча 3636 бала билим алат экен.

Новопавловкадагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейде окуган балдардын ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Мектепте акча чогултууга каршы болгон ата-энелер кайра митингге чыкты
Андан кийинки кезекте Тыныстанов — Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы. Мектеп 630 балага пландалып салынганы менен азыркы тапта 2939 окуучу батып, билим алууда. Фучик көчөсүндө жайгашкан №54 жалпы орто мектебинин долбоорлук сыйымдуулугу 420 балага карата түзүлсө, бүгүнкү күнү ал окуу жайында 1765 бала окуйт.

Айрым мектептерге окуучу батпай жатса, калаанын ортосунда жайгашып, бирок толбой жаткан мектептер дагы бар экен. Алсак, Кусейин Карасаев көчөсүндөгү №14 орто мектеп 800 балага ылайыкташып салынганы менен ал жакта 526 эле бала окуйт. Сайра Кийизбаева көчөсүндөгү №53 мектеп дагы 920 балага карап курулса, азыркы тапта болгону 601 окуучу билим алат.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде бул көйгөй бир эле Бишкекте эмес, Чүйдө дагы бар экенин айтып, акыркы беш жылда балдардын саны миграциядан улам 18 пайызга өскөнүн белгилеген.

"Бул маселе боюнча мамлекет башчысына кайрылганбыз, анда ал "жергиликтүү бийлик менен көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп, сунуш киргизгиле" деди. Менин оюмча, бала батпай жаткан мектептердин айланасында бош участок болсо, кошумча корпус салган эле оң. Бишкекте мектеп сала койгонго жер маселеси да оңой менен чечилбейт", — деген министр.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, жакынкы жылдары 7 мектепке кошумча корпус салуу каралууда.

"№72, 59, 69, 18, 54, 16, 12 мектептеринде эски имараттын бөлүгүн бузуп, жаңы окуу корпустарын куруу пландалууда. Мындан сырткары, 2019-2020-окуу жылына "Газпром" ишканасы куруп жаткан мектеп менен Мурас-Ордо жаңы конушуна салынып жаткан дагы бир мектеп ишке берилмекчи", — деп жазылат маалыматта.

Башкармалык Бишкек шаарында мектеп муктаждыгын жоюу үчүн аз дегенде 16 мектеп курулушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0