https://sputnik.kg/20261116/1104927520.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары каржы пирамидаларын түзгөндөргө жана жарнама кылгандарга карата жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорун сунушташты. Тиешелүү... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T17:00+0600
2026-11-16T17:00+0600
2026-11-16T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104927354_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb592f59ec29769ead9dde005966f581.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары каржы пирамидаларын түзгөндөргө жана жарнама кылгандарга карата жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорун сунушташты. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, каржы пирамидасын түзгөндөргө, аны жетектегендерге же мамлекеттик реестрге кирбей туруп жарандардын акчасын, мүлкүн жана виртуалдык активдерин тарткан иш-чараларды уюштургандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми мындай схемаларды ЖМК, социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу жарнамалап, ири өлчөмдө зыян келтиргендер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш адамдардын тобу тарабынан же интернет-технологияларды колдонуу менен жасалса, жаза 7 жылдан 10 жылга чейин, уюшкан топ тарабынан жасалса 10 жылдан 12 жылга чейин жетет. Мындан тышкары, мүлкүн конфискациялоо да каралган. Мыйзам долбоорунда күмөн жараткан финансылык операцияларды соттун чечимисиз 48 саатка чейин токтотуу, инвестициялык уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана алдамчы интернет-ресурстарды бөгөттөө сунушталган. Демилгечилердин маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында интернет аркылуу жасалган алдамчылыктан келген зыян 337,5 миллион сомдон ашып, анын 2,6 пайызы гана кайтарылган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4 пайызга көп көрсөткүч. Айлык акынын өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, ошондой эле билим берүү тармактарында көбүрөөк байкалган. Белгилей кетсек, бул көрсөткүч тогуз айдагы орточо айлык акы болуп саналат.
Бишкектин быйылкы бюджети 16,4 млрд сомго көбөйтүлөт. Учурда анын көлөмү 32,8 млрд сомду түзөт. Кошумча каражат салыктык жана салыктык эмес кирешелерден, муниципалдык мүлктү сатуудан жана республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттерден түшөт. Акчанын көбүн бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга жумшоо пландалууда. Мындан тышкары, ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрүүгө бөлүнгөн 4 млрд сомдун 500,4 млн сому үнөмдөлгөн. Бул каражатты Кара жыгач токоюн реконструкциялоого жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун көрктөндүрүүгө багыттоо сунушталууда.
Россия, Кытай жана АКШ лидерлери АТЭС саммитинин алкагында тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. Дипломат алдыдагы сүйлөшүүлөрдү уникалдуу деп атады, анткени бул аталган өлкөлөрдүн башчыларынын тарыхтагы биринчи бетме-бет жолугушуусу болмокчу. Мао Нин Пекин, Москва жана Вашингтон глобалдык чакырыктарга каршы турууга жооптуу экенин кошумчалады. Анын айтымында, кызматташтыкты бекемдөө дүйнөдөгү кырдаалды турукташтырууга көмөктөшөт. Буга чейин Кытайдын ТИМи Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Дональд Трамптын катышуусундагы жолугушуу 19-ноябрда Шэньчжэнь шаарында өтөрүн тастыктаган. Ак үйдүн башчысы мындай форматтагы сүйлөшүүлөр биринчи кезекте өзөктүк куралсыздануу маселелерин талкуулоо үчүн зарыл экенин белгилеген. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Москва бул жолугушуу бүтүндөй эл аралык кырдаалга оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөрүн билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаттары каржы пирамидаларын түзгөндөргө жана жарнама кылгандарга карата жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорун сунушташты. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, каржы пирамидасын түзгөндөргө, аны жетектегендерге же мамлекеттик реестрге кирбей туруп жарандардын акчасын, мүлкүн жана виртуалдык активдерин тарткан иш-чараларды уюштургандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми мындай схемаларды ЖМК, социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу жарнамалап, ири өлчөмдө зыян келтиргендер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш адамдардын тобу тарабынан же интернет-технологияларды колдонуу менен жасалса, жаза 7 жылдан 10 жылга чейин, уюшкан топ тарабынан жасалса 10 жылдан 12 жылга чейин жетет. Мындан тышкары, мүлкүн конфискациялоо да каралган. Мыйзам долбоорунда күмөн жараткан финансылык операцияларды соттун чечимисиз 48 саатка чейин токтотуу, инвестициялык уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана алдамчы интернет-ресурстарды бөгөттөө сунушталган. Демилгечилердин маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында интернет аркылуу жасалган алдамчылыктан келген зыян 337,5 миллион сомдон ашып, анын 2,6 пайызы гана кайтарылган.Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4 пайызга көп көрсөткүч. Айлык акынын өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, ошондой эле билим берүү тармактарында көбүрөөк байкалган. Белгилей кетсек, бул көрсөткүч тогуз айдагы орточо айлык акы болуп саналат.Бишкектин быйылкы бюджети 16,4 млрд сомго көбөйтүлөт. Учурда анын көлөмү 32,8 млрд сомду түзөт. Кошумча каражат салыктык жана салыктык эмес кирешелерден, муниципалдык мүлктү сатуудан жана республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттерден түшөт. Акчанын көбүн бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга жумшоо пландалууда. Мындан тышкары, ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрүүгө бөлүнгөн 4 млрд сомдун 500,4 млн сому үнөмдөлгөн. Бул каражатты Кара жыгач токоюн реконструкциялоого жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун көрктөндүрүүгө багыттоо сунушталууда.Россия, Кытай жана АКШ лидерлери АТЭС саммитинин алкагында тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. Дипломат алдыдагы сүйлөшүүлөрдү уникалдуу деп атады, анткени бул аталган өлкөлөрдүн башчыларынын тарыхтагы биринчи бетме-бет жолугушуусу болмокчу. Мао Нин Пекин, Москва жана Вашингтон глобалдык чакырыктарга каршы турууга жооптуу экенин кошумчалады. Анын айтымында, кызматташтыкты бекемдөө дүйнөдөгү кырдаалды турукташтырууга көмөктөшөт. Буга чейин Кытайдын ТИМи Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Дональд Трамптын катышуусундагы жолугушуу 19-ноябрда Шэньчжэнь шаарында өтөрүн тастыктаган. Ак үйдүн башчысы мындай форматтагы сүйлөшүүлөр биринчи кезекте өзөктүк куралсыздануу маселелерин талкуулоо үчүн зарыл экенин белгилеген. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Москва бул жолугушуу бүтүндөй эл аралык кырдаалга оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөрүн билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104927354_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fdac0daa080d8b3693540f6686d660c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио