https://sputnik.kg/20261116/1104915178.html
Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү: инвестиция, жаңы технологиялар жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T11:04+0600
2026-11-16T11:04+0600
2026-11-16T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104915008_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_96a179a93ab71e9509dd8a29702cb0e4.jpg
Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү: инвестиция, жаңы технологиялар жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартов жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Кыргызстандагы өкүлү Жаныбек Ыбрайым уулу билдиришти.
5-ноябрда Бишкек шаарында Министрлер кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму биргеликте уюштурган “Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо” аттуу аймактык форум өттү. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай тармагындагы артыкчылыктуу багыттары, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүштү модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
“Бул форум Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосунда былтыр кол коюлган өлкөлүк өнөктөштүк алкагында, анын ичинде артыкчылыктуу тармактар боюнча өткөрүлдү. Форумга коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, ошондой эле Түркия жана Азербайжандан өкүлдөр келишти. Анткени бул өлкөлөрдүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар. Форумдун башкы максаты өлкөлүк өнөктөштүк алкагында түзүлгөн платформаны ишке ашыруу. Биз инвесторлорду, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана эл аралык каржы институттарын бир аянтчага чогултуп, өнөктөштөрүбүз жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен көйгөйлөрдү, өлкөлөрдүн өнүгүүдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкууладык. Ошондой эле аталган өлкөлөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү”,- деди Ыбрайым уулу.
Өлкөдөгү өнөр жай тармагынын өнүгүү көрсөткүчтөрү жана инвесторлор тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартов буларга токтолду.
“Азыркы учурда экономикада көп нерсе өзгөрүп, өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылы 300 миллиард сомдун тегерегинде өнөр жай продукциясы чыгарылса, 2025-жылы бул көрсөткүч 800 миллиард сомго жеткен. Өндүрүштүн акчалай көлөмү үч эсеге жогорулады. Ал эми акыркы тогуз айда 700 миллиард сомго жакын өнөр жай продукциясы чыгарылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайыздык өсүштү көрсөттү. Өсүш өзгөчө тамак-аш, мунай заттарын кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү жана башка тармактарда байкалууда. Быйылкы жылдын эсеби менен 71 жаңы ишкана ачылып, 3–4 миң жаңы жумушчу орун түзүлдү”.
Маекте форумдун максаты, Кыргызстандагы өнөр жайдын учурдагы абалы, өндүрүштүн өсүшү, инвестиция тартуу жана ата мекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоо, кесипкөй адистерди даярдоо тууралуу сөз болду. Ошондой эле ЮНИДО менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелер, жашыл өнөр жайга өтүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тармактын 2030-жылга чейинки келечеги талкууланды.
Кыргызстанда ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартов жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Кыргызстандагы өкүлү Жаныбек Ыбрайым уулу билдиришти.5-ноябрда Бишкек шаарында Министрлер кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму биргеликте уюштурган “Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо” аттуу аймактык форум өттү. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай тармагындагы артыкчылыктуу багыттары, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүштү модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.“Бул форум Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосунда былтыр кол коюлган өлкөлүк өнөктөштүк алкагында, анын ичинде артыкчылыктуу тармактар боюнча өткөрүлдү. Форумга коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, ошондой эле Түркия жана Азербайжандан өкүлдөр келишти. Анткени бул өлкөлөрдүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар. Форумдун башкы максаты өлкөлүк өнөктөштүк алкагында түзүлгөн платформаны ишке ашыруу. Биз инвесторлорду, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана эл аралык каржы институттарын бир аянтчага чогултуп, өнөктөштөрүбүз жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен көйгөйлөрдү, өлкөлөрдүн өнүгүүдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкууладык. Ошондой эле аталган өлкөлөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү”,- деди Ыбрайым уулу.Өлкөдөгү өнөр жай тармагынын өнүгүү көрсөткүчтөрү жана инвесторлор тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартов буларга токтолду.“Азыркы учурда экономикада көп нерсе өзгөрүп, өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылы 300 миллиард сомдун тегерегинде өнөр жай продукциясы чыгарылса, 2025-жылы бул көрсөткүч 800 миллиард сомго жеткен. Өндүрүштүн акчалай көлөмү үч эсеге жогорулады. Ал эми акыркы тогуз айда 700 миллиард сомго жакын өнөр жай продукциясы чыгарылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайыздык өсүштү көрсөттү. Өсүш өзгөчө тамак-аш, мунай заттарын кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү жана башка тармактарда байкалууда. Быйылкы жылдын эсеби менен 71 жаңы ишкана ачылып, 3–4 миң жаңы жумушчу орун түзүлдү”.Маекте форумдун максаты, Кыргызстандагы өнөр жайдын учурдагы абалы, өндүрүштүн өсүшү, инвестиция тартуу жана ата мекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоо, кесипкөй адистерди даярдоо тууралуу сөз болду. Ошондой эле ЮНИДО менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелер, жашыл өнөр жайга өтүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тармактын 2030-жылга чейинки келечеги талкууланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104915008_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_224b8590198026828b669f630fbaf4ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү: инвестиция, жаңы технологиялар жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр
11:04 16.11.2026 (Жаңыртылды: 11:16 16.11.2026) Коноктор
Талантбек Карасартов, Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысыЖаныбек Ыбрайым уулу, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Кыргызстандагы өкүлү