https://sputnik.kg/20261115/1104908119.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Караколдо чек арачылардын балдары үчүн 60 орундуу бала бакча ачылдыSpaceX компаниясынын Starship кемеси сыноодон кийин ийгиликтүү кондуЖапаров үй... 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T15:00+0600
2026-11-15T15:00+0600
2026-11-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104907953_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f7ca106f799afdd794238354db82f82c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Караколдо чек арачылардын балдары үчүн 60 орундуу бала бакча ачылдыSpaceX компаниясынын Starship кемеси сыноодон кийин ийгиликтүү кондуЖапаров үй караштыргандарды МИКке кайрылууну сунуштады
"Котловандан албагыла". Жапаров үй караштыргандарды МИКке кайрылууну сунуштады Көлдө эл менен жолугуп жатканда арызданган аял 2017-жылы Бишкектен "Архстрой" компаниясына бир бөлмөлүү батирдин акчасын төлөгөнүн, бирок ушул күнгө чейин үйдөн да, каражаттан да жок экенин айтты. Садыр Жапаров жарандарды курулушу жаңы башталган үйлөрдөн турак жай алууда сак болууга чакырды. Ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы аркылуу батирдин баасынын жарымын алдын ала төлөп, калганын 15 жылга бөлүп берсе болорун айтты. Курулуш министринин айтымында, өлкөдө курулушу бүтпөй калган 46 объект бар. Ал кайрылган жарандын маселесин да карап, колдон келген жардамды берерин билдирди.
Каракол шаарында 60 орундуу ”Эркетай” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Бала бакчанын ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты. ”Эркетай“ бала бакчасы үч тайпага ылайыкталып, анда 60 бала тарбиялана алат. Имаратта оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, музыка классы жана ашкана бар. Анын курулушу 2026-жылдын апрель айында башталып, президенттин администрациясынын Иш башкармалыгынын каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.
Тоң районунда туристтердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 миңден ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилген учурда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2021-жылы районго 5 миң 200 турист келген болсо, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен. Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен. Мындан тышкары, туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөр 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сомду түзгөн.
Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өстү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө районду өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. Белгиленгендей, көрсөткүчкө "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшү да кирет. Ошондой эле райондун инвестицияларынын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Мындан тышкары, 13 айылда 981 млн сомдук ичүүчү суу долбоорлору ишке ашырылып, 81 көпүрө курулган. Учурда райондо "Сүттүү-Булак" тоо лыжа базасын куруу жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Илон Маскка таандык SpaceX компаниясынын Starship кемеси кезектеги сыноону ийгиликтүү аяктап, жерге конду. Бул тууралуу түз эфирдеги көрсөтүүгө таянып РИА Новости жазды. Кеме космосто дээрлик бир сутка болгон. Конуу учурунда атайын мунара аппаратты ката кетирбей, туура кармап кала алды. Эске салсак, SpaceX Техастын түштүгүндөгү космодромдон Starship ракетасын 15-жолу сыноо иретинде учурган. Компаниянын башчысы Илон Маск бул сыноо учурунда ракеталык тутумдун эки бөлүгүн тең — Super Heavy тездеткичин жана Starship кемесин кайра учуу аянтчасына кайтаруу пландалганын билдирген. Белгилей кетсек, Starship ракеталык тутуму толугу менен кайра колдонула турган аппарат катары иштелип чыгууда. Бийиктиги болжол менен 124 метрди түзүп, салмагы беш миң тоннага жетет. Ал 33 кыймылдаткычы бар Super Heavy тездеткичинен жана жогорку баскычтагы Starship кемесинен турат.
Караколдо чек арачылардын балдары үчүн 60 орундуу бала бакча ачылдыSpaceX компаниясынын Starship кемеси сыноодон кийин ийгиликтүү кондуЖапаров үй караштыргандарды МИКке кайрылууну сунуштады"Котловандан албагыла". Жапаров үй караштыргандарды МИКке кайрылууну сунуштады Көлдө эл менен жолугуп жатканда арызданган аял 2017-жылы Бишкектен "Архстрой" компаниясына бир бөлмөлүү батирдин акчасын төлөгөнүн, бирок ушул күнгө чейин үйдөн да, каражаттан да жок экенин айтты. Садыр Жапаров жарандарды курулушу жаңы башталган үйлөрдөн турак жай алууда сак болууга чакырды. Ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы аркылуу батирдин баасынын жарымын алдын ала төлөп, калганын 15 жылга бөлүп берсе болорун айтты. Курулуш министринин айтымында, өлкөдө курулушу бүтпөй калган 46 объект бар. Ал кайрылган жарандын маселесин да карап, колдон келген жардамды берерин билдирди.Каракол шаарында 60 орундуу ”Эркетай” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Бала бакчанын ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты. ”Эркетай“ бала бакчасы үч тайпага ылайыкталып, анда 60 бала тарбиялана алат. Имаратта оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, музыка классы жана ашкана бар. Анын курулушу 2026-жылдын апрель айында башталып, президенттин администрациясынын Иш башкармалыгынын каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.Тоң районунда туристтердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 миңден ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилген учурда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2021-жылы районго 5 миң 200 турист келген болсо, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен. Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен. Мындан тышкары, туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөр 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сомду түзгөн.Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өстү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө районду өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. Белгиленгендей, көрсөткүчкө "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшү да кирет. Ошондой эле райондун инвестицияларынын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Мындан тышкары, 13 айылда 981 млн сомдук ичүүчү суу долбоорлору ишке ашырылып, 81 көпүрө курулган. Учурда райондо "Сүттүү-Булак" тоо лыжа базасын куруу жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.Илон Маскка таандык SpaceX компаниясынын Starship кемеси кезектеги сыноону ийгиликтүү аяктап, жерге конду. Бул тууралуу түз эфирдеги көрсөтүүгө таянып РИА Новости жазды. Кеме космосто дээрлик бир сутка болгон. Конуу учурунда атайын мунара аппаратты ката кетирбей, туура кармап кала алды. Эске салсак, SpaceX Техастын түштүгүндөгү космодромдон Starship ракетасын 15-жолу сыноо иретинде учурган. Компаниянын башчысы Илон Маск бул сыноо учурунда ракеталык тутумдун эки бөлүгүн тең — Super Heavy тездеткичин жана Starship кемесин кайра учуу аянтчасына кайтаруу пландалганын билдирген. Белгилей кетсек, Starship ракеталык тутуму толугу менен кайра колдонула турган аппарат катары иштелип чыгууда. Бийиктиги болжол менен 124 метрди түзүп, салмагы беш миң тоннага жетет. Ал 33 кыймылдаткычы бар Super Heavy тездеткичинен жана жогорку баскычтагы Starship кемесинен турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0f/1104907953_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7830fea1e4cd4536cd51cb02b172d13a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио