https://sputnik.kg/20261116/1104914909.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин өндүргөн жеке ишкерге колдоо көрсөтүүгө убада берди. Мамлекет башчысы ишкерди жеке кабыл аларын айтты. Бул маселе... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T11:00+0600
2026-11-16T11:00+0600
2026-11-16T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104914742_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_77b085677dcf1f3ed3b7a87c720f5569.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин өндүргөн жеке ишкерге колдоо көрсөтүүгө убада берди. Мамлекет башчысы ишкерди жеке кабыл аларын айтты. Бул маселе президенттин Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. Жолугушууда жеке ишкер эки ай мурун кагаз баштыктарды өндүрүүчү ишкананы ишке киргизгенин билдирди. Анын айтымында, продукцияны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу үчүн мамлекеттик колдоо зарыл. Ошондой эле ишкер желим баштыктарды колдонууга толук тыюу салуу маселесин көтөрдү. Садыр Жапаров кагаз баштыктарды өндүрүү тармагын өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ишкерди жеке кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев менен райондук милициянын башчысы Таалайбек Турсунбеков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, экөөнөн сырткары дагы эки шектүү жергиликтүү аткаминерлердин жана милиция жетекчисинин колдоосу менен кен чыккан жерлердин биринен лицензиясыз жана тиешелүү документтери жок алтын казып жүрүшкөн. Казылган алтын сатылып, түшкөн акча акимге жана райондук милициянын башчысына которулуп турганы айтылууда. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен иш козголуп, кармалган төрт киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.
Улуттук банк 16-ноябрдан тарта "Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы күмүштөн жасалган "Өрүкзар" коллекциялык монетасын сатыкка чыгарганын, баасы 8 220 сом болорун билдирди. Монетанын алдыңкы бетинде гүлдөгөн өрүк бутагы, арткы бетинде бышкан мөмөлөрү түшүрүлгөн. Дизайн жазды, жаратылыштын жаңылануусун жана мол түшүмдү символдоштурат. Монета 925-үлгүдөгү күмүштөн жасалып, түстүү басып чыгаруу технологиясы колдонулган. Салмагы 28,28 грамм, өлчөмү 38,61 х 33 миллиметрди түзөт. Жалпысынан 1 000 даана чыгарылган. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен кошо өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Өлкөнүн бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп эсептелет.
Украинага жардам берем деп Евробиримдик кризиске кептелип бара жатат, евпропалыктар көмөктөшүүдөн чарчап бүттү. Бул туурасында Словакиянын Европарламенттеги депутаты, "Республика" партиясынын башчысы Милан Угрик айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украинага финансылык жардам деп каралган ондогон миллиардды жумшоо экономиканы кургуйга тартып, Евробиримдикке болгон ишенимди жана атаандаштыкка туруктуулукту жоготуп бара жатат. Ал эми ноябрь айынын башында Словакиянын президенти Петер Пеллегрини Украинадагы согуш Европаны экономикалык жактан да, моралдык жактан да алсырата баштаганын билдирген. Анын айтымында, Украинага жардам берүүгө миллиарддаган каражат берилип, анын айынан Евробиримдиктин айрым мамлекеттердин өзүндөгү ооруканаларга, мектептерге жана инфраструктурага акча жетпей калууда. Россия Батыштын Украинаны тишине чейин куралдандырышы, каржылашы чатакты ого бетер создуктуруп, дипломатия менен жөнгө салуу аракетине тоскоолдук жаратарын айтып келет.
Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин өндүргөн жеке ишкерге колдоо көрсөтүүгө убада берди. Мамлекет башчысы ишкерди жеке кабыл аларын айтты. Бул маселе президенттин Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. Жолугушууда жеке ишкер эки ай мурун кагаз баштыктарды өндүрүүчү ишкананы ишке киргизгенин билдирди. Анын айтымында, продукцияны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу үчүн мамлекеттик колдоо зарыл. Ошондой эле ишкер желим баштыктарды колдонууга толук тыюу салуу маселесин көтөрдү. Садыр Жапаров кагаз баштыктарды өндүрүү тармагын өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ишкерди жеке кабыл алууга даяр экенин билдирди. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев менен райондук милициянын башчысы Таалайбек Турсунбеков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, экөөнөн сырткары дагы эки шектүү жергиликтүү аткаминерлердин жана милиция жетекчисинин колдоосу менен кен чыккан жерлердин биринен лицензиясыз жана тиешелүү документтери жок алтын казып жүрүшкөн. Казылган алтын сатылып, түшкөн акча акимге жана райондук милициянын башчысына которулуп турганы айтылууда. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен иш козголуп, кармалган төрт киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.Улуттук банк 16-ноябрдан тарта "Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы күмүштөн жасалган "Өрүкзар" коллекциялык монетасын сатыкка чыгарганын, баасы 8 220 сом болорун билдирди. Монетанын алдыңкы бетинде гүлдөгөн өрүк бутагы, арткы бетинде бышкан мөмөлөрү түшүрүлгөн. Дизайн жазды, жаратылыштын жаңылануусун жана мол түшүмдү символдоштурат. Монета 925-үлгүдөгү күмүштөн жасалып, түстүү басып чыгаруу технологиясы колдонулган. Салмагы 28,28 грамм, өлчөмү 38,61 х 33 миллиметрди түзөт. Жалпысынан 1 000 даана чыгарылган. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен кошо өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Өлкөнүн бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп эсептелет.Украинага жардам берем деп Евробиримдик кризиске кептелип бара жатат, евпропалыктар көмөктөшүүдөн чарчап бүттү. Бул туурасында Словакиянын Европарламенттеги депутаты, "Республика" партиясынын башчысы Милан Угрик айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украинага финансылык жардам деп каралган ондогон миллиардды жумшоо экономиканы кургуйга тартып, Евробиримдикке болгон ишенимди жана атаандаштыкка туруктуулукту жоготуп бара жатат. Ал эми ноябрь айынын башында Словакиянын президенти Петер Пеллегрини Украинадагы согуш Европаны экономикалык жактан да, моралдык жактан да алсырата баштаганын билдирген. Анын айтымында, Украинага жардам берүүгө миллиарддаган каражат берилип, анын айынан Евробиримдиктин айрым мамлекеттердин өзүндөгү ооруканаларга, мектептерге жана инфраструктурага акча жетпей калууда. Россия Батыштын Украинаны тишине чейин куралдандырышы, каржылашы чатакты ого бетер создуктуруп, дипломатия менен жөнгө салуу аракетине тоскоолдук жаратарын айтып келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104914742_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_76779c30cf2a27cdaf3ca1ebe10c268f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио