00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Туризм агенттиги жакында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын долбоорун көрсөттүУкраинадагы жаңжалды жөнгө салуу Европадагы коопсуздуктун жаңы түзүмү менен байланыштууПрезидент Балыкчыдагы 32 үй-бүлөнүн көйгөйүн чечүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров кыймылсыз мүлкүнө камак салынгандыктан сатып алган батирлерин өз атына каттай албай жаткан Балыкчы шаарынын 32 үй-бүлөсүнүн маселесин териштирүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Балыкчы шаарынын тургуну Нурбек уулу Эржандын айтымында, 2021-жылы 32 үй-бүлө "Раян Билдинг" курулуш компаниясынан батир сатып алып, ошондон бери жашап келишет. Бирок 2023-жылы курулуш компаниясынын башка объектилериндеги көйгөйлөргө байланыштуу аталган 32 батирге камак салынган. Натыйжада жашоочулар техникалык паспорт ала албай, батирлерди өз атына каттата албай калышкан. Арыздануучунун билдирүүсүнө караганда, тургундар өз каражаттарына юрист жалдап, 17 батирдеги камакты алдырууга жетишкен. Кийин калган 15 батирге кайрадан камак салынган.
Туризм агенттиги жакында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын долбоорун көрсөттү Жалпы аянты 4 миң гектарды түзгөн эс алуу жайы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук деген үч чокуну бириктирет. Курорт жыл бою иштеп, Каракол эл аралык аэропортунан 60 чакырым алыстыкта жайгашат. Лыжа базасы быйыл декабрда биринчи эс алуучуларын кабыл алары айтылган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 км болгон лыжа тепкен жол салуу пландалган. Келечекте эл аралык мелдештерди да өткөрсө болот. Жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш орду түзүлөт.
Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысы төлөнгөн-төлөнбөгөнү фото жана видео көзөмөлдүн жардамы менен текшериле баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Муниципалитеттен маалымдашкандай, текшерүү азырынча сыноо режиминде жүргүзүлүүдө. Айдоочулар эрежени бузуп, төлөбөй кеткен учурда мыйзамга ылайык айып пул каралган. “Жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 000 сом”, деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын баасы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү унаа токтотмолор акысыз иштейт.
“Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу кандай болгон күндө да Европа континентиндеги коопсуздуктун жаңы түзүмү менен байланыштуу болот. Бул эки маселе бири-биринен ажырагыс жана бири экинчисисиз ишке ашпайт”, — деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Вести” маалымат кызматынын журналисти Павел Зарубинге берген маегинде. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Украина боюнча акыркы жолугушууларда жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 43 тыйынга евро 96 сом 69 тыйынгаюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайыДүйшөмбүгө карата аба ырайы 16-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан-чачын катуу жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында туман тушөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12...+17, Талас облусунда +7...+12, Нарын чөлкөмүндө +2...+7 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6...+8, Ош шаарында +14...+16, градусту көрсөтөт. Рубрика:
Жаңылыктар түрмөгү
0