00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында керектөө баалары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу 8,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, азык-түлүк жана суусундуктар 7,7 пайызга, ичимдик жана тамеки 8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 7,6 пайызга кымбаттаган. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын баасы 12,2 пайызга өскөн. Аймактар боюнча баанын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 17,1 пайызды түзгөн. Бул жерде азык-түлүк 11,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 13 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 29,5 пайызга кымбаттаган.
Ош шаарына заманбап асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэри Жанар Акаев билдирди. "Шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу, эс алуучулардын агымын көбөйтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлдү", — деди ал. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн түштүк борборго Австрия, Франция жана Кытай компанияларынын адистери келген. Алдын ала маалымат боюнча, асма жолдун бири Ак-Буура дарыясын бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылат. Экинчиси Керме-Тоо тоосуна курулат деп болжолдонууда. Курулушту кийинки жылдын жазында баштоо пландалып жатат.
Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын аймагынан жапайы доңуздардын үйүрү видеого ттүшүп калган. Жаныбарларды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, кадрлар токой чарбасынын кызматкерлери жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү максатында рейд өткөрүп жаткан учурда тартылган. Адистердин баамында, жапайы жаныбарлардын мындай көрүнүшү алардын табигый жашоо чөйрөсү толук сакталып, көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканынан кабар берет. Министрлик өлкөнүн коруктарында жана токой чарбаларында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, браконьерликти болтурбоо боюнча мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз улантыларын эскертти.
Ири жыйырмалыкка төрагалык кылган учурда эгерде Улуу Британия Россиянын укуктарын чектеп басмырлоого аракет кылса, кесепети олуттуу болот. Бул туурасында РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар, анын ичинде G20 жана АТЭС маселелери боюнча элчиси Марат Бердыев айтканын РИА Новости жазды. G20 жыйындарына 2027-жылы Улуу Британияда төрагалык кылат. Бердыевдин айтымында, Улуу Британияда өтө турган "Чоң жыйырмалыктын" (G20) иш-чараларына Россиянын катышуусу боюнча расмий Лондон азырынча так позициясын билдире элек. Дипломат G20га төрагалык кылган өлкө өз каалоосун таңуулап, бул форматтын ишине ким катышып, ким катышпай турганын чечүүгө укугу жок экенин баса белгиледи. "Лондон иш жүзүндө кандай кадам жасаарын көрө жатарбыз. Бир нерсе айкын, тагыраагы, Россиянын укуктарын басмырлоо аракети жөн эле калбайт. Бул жааттагы кандай гана жөнсүз кадамдар болбосун, олуттуу кесепети тиет. Мындай ишти жасабоо эң туура чечим болмок деп эсептейбиз", — деди элчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0