https://sputnik.kg/20261116/1104922230.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталып, бир катар жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T15:00+0600
2026-11-16T15:00+0600
2026-11-16T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104922063_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0baf8a753044ae3c40ddd449025e760e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталып, бир катар жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, иш президент Садыр Жапаровдун облус тургундары менен жолугушуусунда берген тапшырмаларын аткаруу, коррупцияга каршы күрөшүү жана жер маселелериндеги мыйзамдуулукту калыбына келтирүү алкагында жүргүзүлдү. Трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А.О., айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж., Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жең ичинен сүйлөшүп алып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү максатында аймакты мыйзамсыз кеңейтип, башкы планды бекиткени аныкталган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот. Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат. Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен.
Статкомдун айтымында, республиканын уюмдагы мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 9 айда 5,2 млрд долларды түзүп, 11,3%га өскөн. Бул 2026-жылдын январь-сентябрь айларына карата көрсөткүч. Бирок экспорт 8,2%га азайып, импорт 16,5%га жогорулаганы белгиленди. Кыргызстандын соодасынын эң чоң үлүшү ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Россия (61,5%) жана Казакстанга (35,2%) туура келет.
Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий энергетика тармагына жана ага тамырлаш инфраструктураларга жасалган россиялык чабуулдардан кийин өлкөнү энергетика менен жабдуу кыйын болуп бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, азыр Украинага кыштан чыгуу үчүн европалык өнөктөштөрдөн тез арада жардам алуу аба менен суудай керек болуп турат. Мурдараак россиялык дрондор Ровно облусундагы подстанцияга сокку урду. Маалыматтарга караганда, бул жай Украинанын Куралдуу күчтөрү аскердик мүлктү сактоо үчүн пайдаланган логистикалык борборлордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турган. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги мындай чабуулдар Украинаны аскердик күчтөр жана экономика жаатында алсыратуу максатында инфратүзүм объектилерине жана жабдуу түйүндөрүнө багытталып жатканын билдирген. Украиналык бийлик өкүлдөрү алдыдагы кыш мезгилинде кыйынчылыктар болушу мүмкүндүгүн калкка күзүндө эле эскерте баштаган.
Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталып, бир катар жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, иш президент Садыр Жапаровдун облус тургундары менен жолугушуусунда берген тапшырмаларын аткаруу, коррупцияга каршы күрөшүү жана жер маселелериндеги мыйзамдуулукту калыбына келтирүү алкагында жүргүзүлдү. Трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А.О., айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж., Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жең ичинен сүйлөшүп алып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү максатында аймакты мыйзамсыз кеңейтип, башкы планды бекиткени аныкталган. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот. Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат. Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен. Статкомдун айтымында, республиканын уюмдагы мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 9 айда 5,2 млрд долларды түзүп, 11,3%га өскөн. Бул 2026-жылдын январь-сентябрь айларына карата көрсөткүч. Бирок экспорт 8,2%га азайып, импорт 16,5%га жогорулаганы белгиленди. Кыргызстандын соодасынын эң чоң үлүшү ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Россия (61,5%) жана Казакстанга (35,2%) туура келет.Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий энергетика тармагына жана ага тамырлаш инфраструктураларга жасалган россиялык чабуулдардан кийин өлкөнү энергетика менен жабдуу кыйын болуп бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, азыр Украинага кыштан чыгуу үчүн европалык өнөктөштөрдөн тез арада жардам алуу аба менен суудай керек болуп турат. Мурдараак россиялык дрондор Ровно облусундагы подстанцияга сокку урду. Маалыматтарга караганда, бул жай Украинанын Куралдуу күчтөрү аскердик мүлктү сактоо үчүн пайдаланган логистикалык борборлордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турган. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги мындай чабуулдар Украинаны аскердик күчтөр жана экономика жаатында алсыратуу максатында инфратүзүм объектилерине жана жабдуу түйүндөрүнө багытталып жатканын билдирген. Украиналык бийлик өкүлдөрү алдыдагы кыш мезгилинде кыйынчылыктар болушу мүмкүндүгүн калкка күзүндө эле эскерте баштаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104922063_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4c70325c7a485f8e981f0344b45593fb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио