00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Особый акцент
Бывает ли незаконный развод — беседа с юристом
20:05
52 мин
Ачык кеп
Боди-камералар жарандардын жана милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоодо
21:06
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинети кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан тышкары чыгарууга алты айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, буга чейин макулатураны Кыргызстандан ташып чыгууга тыюу салган токтом күчүн жоготту деп таанылат. Жаңы долбоордо чектөө ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары чыгарууга карата белгиленген. Документте бул чара ата мекендик ишканаларды чийки зат менен камсыз кылуу жана кагаз өндүрүшүн колдоо максатында сунушталып жатканы айтылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда макулатураны кайра иштетүүчү ишканалар чийки заттын жетишсиздигинен улам өндүрүштүк кубаттуулугунун 30-40 пайызын гана пайдаланып жатат. Анын тартыштыгы ишканалардын жумушун токтотуп, иш орундарынын кыскарышына жана бюджетке түшкөн салыктын азайышына алып келиши мүмкүн.
Бишкектин быйылкы бюджети 16,4 миллиард сомго көбөйөт. Азыр шаардын казынасы 32,8 миллиард сомду түзөт. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, кошумча акча салыктан, муниципалдык мүлктү сатуудан жана республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттан түшөт. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгүн бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгын көтөрүүгө жумшоо пландалууда. Мындан тышкары, мэрия ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына бөлүнгөн 4 миллиард сомдон 500,4 миллион сом үнөмдөп калган. Бул акчага Кара жыгач токоюн жаңылап, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун оңдоо сунушталууда.
Кыргызстанда жаштардын дээрлик ар бир экинчиси акыркы бир жылда интернеттеги кодулоого туш болгон. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада өтүп жаткан Евразия омбудсмендер альянсынын XI жыйынында билдирди. Анын айтымында, интернеттеги зомбулук жаштардын психологиялык абалына, окуусуна жана айланадагылар менен мамилесине терс таасирин тийгизет. Жаманбаева былтыр "Таалим-Форум" коомдук фонду Гамбург университети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын келтирди. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы 128 окуу жайдан 12 жаштан 25 жашка чейинки 2 миңден ашык адам катышкан. Сурамжылоого ылайык, алардын дээрлик жарымы акыркы бир жылда интернеттеги жек көрүү көрүнүштөрүнө кабылган, 15-18 пайызы мындай көрүнүшкө үзгүлтүксүз туш болот. Мындан тышкары, 2023-жылы Акыйкатчы институту жүргүзгөн изилдөөдө сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы социалдык тармактарда басмырлоо сөздөрүнө кабылганы аныкталган. Ал эми аялдар менен кыздардын 48 пайызы мындай көрүнүшкө дайыма туш болорун билдирген.
Евробиримдик Россиянын талаптарын эске албаса, Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу британиялык UnHerd журналы жазды. Макалада Германия, Франция жана Улуу Британия Лондондо жетишкен макулдашуусунан кайтпаса, Москва менен орток пикирге келе албай турганы айтылат. Анткени бул макулдашуулар Россиянын негизги талаптарына каршы келет. Москва Украинанын бейтарап болуп, аймагына Батыштын аскер күчү жайгашпашы керек деген шарт коюуда. Басылманын айтымында, Россия Европадагы коопсуздуктун жаңы системасын талкуулоону сунуштаган, бирок Евробиримдиктин айрым саясатчылары аны четке каккан. Ошол эле учурда НАТО Украинадагы жаңжалдын алдын ала да алган эмес, токтотууга да чамасы чак болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0