Милиция: Куршабда унаа сүзүп каза тапкан кыз 12 жашта болгон
Жазылуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында 12 жаштагы кызды унаа сүзүп, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБ билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-ноябрда саат 12:00 чамасында Камчыбеков көчөсүндө болгон. Анда 75 жаштагы айдоочу Honda Fit унаасы менен артка жүрүп жатып кызды сүзүп алган.
Кыз оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.