https://sputnik.kg/20261127/kasymaliev-para-atkaminer-1105163598.html
Касымалиев ишкерлерди пара талап кылган аткаминерлер тууралуу ачык айтууга чакырды
Касымалиев ишкерлерди пара талап кылган аткаминерлер тууралуу ачык айтууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкерлерди мамлекеттик кызматкерлер пара талап кылса же башка мыйзамсыз... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T14:08+0600
2026-11-27T14:08+0600
2026-11-27T14:13+0600
кыргызстан
экономика
коррупция
адылбек касымалиев
ишкер
бизнес
пара
кысым
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103109402_0:102:1600:1003_1920x0_80_0_0_f60709ae6fd54aad38aa66f88946abf2.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкерлерди мамлекеттик кызматкерлер пара талап кылса же башка мыйзамсыз аракеттерге барса, коркпой билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн инвестициялык форумда айтты.Анын белгилешинче, инвесторлор мамлекеттик кызматкерлердин артынан чуркап, маселесин чечүүгө аракет кылбашы керек.Ошондой эле ал президент өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү милдетин коюп жатканын, бирок айрым мамлекеттик кызматкерлер өз билгенин жасап, ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261126/kimsanov-bazhyda-sistemaluu-korruptsiya-zhok-1105133497.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103109402_91:0:1514:1067_1920x0_80_0_0_25b45774683c5dfeb6eb547aaab7ac4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, коррупция, адылбек касымалиев, ишкер, бизнес, пара, кысым
кыргызстан, экономика, коррупция, адылбек касымалиев, ишкер, бизнес, пара, кысым
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкерлерди мамлекеттик кызматкерлер пара талап кылса же башка мыйзамсыз аракеттерге барса, коркпой билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн инвестициялык форумда айтты.
Анын белгилешинче, инвесторлор мамлекеттик кызматкерлердин артынан чуркап, маселесин чечүүгө аракет кылбашы керек.
"Ар кандай деңгээлде болуп жаткан мыйзамсыз аракеттер тууралуу бизге кабарлаңыздар. Эгер мыйзам бузган кызматкерлер менин карамагымда болсо, аларды дароо жумуштан кетирем. Же болбосо пара алып жаткан жеринен кармоону уюштуруп, фактыны каттап, жоопкерчиликке тартабыз", — деди Касымалиев.
Ошондой эле ал президент өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү милдетин коюп жатканын, бирок айрым мамлекеттик кызматкерлер өз билгенин жасап, ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.