https://sputnik.kg/20261126/kolledj-jrt-vaucherdik-karjyloo-bilim-beruu-myizamy-1105149043.html
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда ЖРТ талабын алып салуу сунушталууда
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда ЖРТ талабын алып салуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T18:48+0600
2026-11-26T18:48+0600
2026-11-26T18:48+0600
кыргызстан
жрт
колледж
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/104875/77/1048757716_0:161:3069:1887_1920x0_80_0_0_e5675ebe3c1dc82e27753ef239ff862f.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу кыйынчылык жаратканы белгиленген. Жогорку балл алгандар ЖОЖдорду тандап, ал эми 110дон төмөн балл алгандар колледждерге да өтө албай калышкан.Долбоор ЖОЖдор менен колледждерди ваучердик каржылоодон баш тартууну да карайт. Эки жылдык сыноонун жыйынтыгы өзүн актаган эмес. Тагыраагы, педагогикалык адистиктерде бош орундар көбөйүп, аймактык окуу жайларга тапшыргандар азайган.Ошондой эле президент аныктаган өзгөчө учурларда мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТсыз кабыл алууга уруксат берүү сунушталууда. Буга КМТУга которулуп келип, кийин документтери анык эмес болуп чыккандыктан окуудан чыгарылган студенттердин маселеси себеп болгон. Ал эми биринчи курска кабыл алууда ЖРТ тапшыруу жалпы талап бойдон калат.
https://sputnik.kg/20260617/zhrt-zhyjyntyk-zhogorku-ball-bilim-beruu-1101935981.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104875/77/1048757716_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_2ac47ed1a6bc7d3a20f28bb2a6901738.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жрт, колледж, мыйзам долбоору
кыргызстан, жрт, колледж, мыйзам долбоору
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда ЖРТ талабын алып салуу сунушталууда
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу кыйынчылык жаратканы белгиленген. Жогорку балл алгандар ЖОЖдорду тандап, ал эми 110дон төмөн балл алгандар колледждерге да өтө албай калышкан.
Долбоор ЖОЖдор менен колледждерди ваучердик каржылоодон баш тартууну да карайт. Эки жылдык сыноонун жыйынтыгы өзүн актаган эмес. Тагыраагы, педагогикалык адистиктерде бош орундар көбөйүп, аймактык окуу жайларга тапшыргандар азайган.
Ошондой эле президент аныктаган өзгөчө учурларда мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТсыз кабыл алууга уруксат берүү сунушталууда. Буга КМТУга которулуп келип, кийин документтери анык эмес болуп чыккандыктан окуудан чыгарылган студенттердин маселеси себеп болгон. Ал эми биринчи курска кабыл алууда ЖРТ тапшыруу жалпы талап бойдон калат.