https://sputnik.kg/20260617/zhrt-zhyjyntyk-zhogorku-ball-bilim-beruu-1101935981.html
ЖРТ: эң жогорку баллды эки кыз алып, аларга министр өзү сүйүнчүлөдү. Видео
ЖРТ: эң жогорку баллды эки кыз алып, аларга министр өзү сүйүнчүлөдү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын Агартуу министрлиги маалымдады. 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T22:31+0600
2026-06-17T22:31+0600
2026-06-18T09:35+0600
кыргызстан
жрт
алтын сертификат
упай
доктургүл кендирбаева
https://sputnik.kg/img/07e7/07/06/1076837598_0:148:2835:1743_1920x0_80_0_0_1f701cca9da750785cea97ae8132d91b.jpg
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын Агартуу министрлиги маалымдады. Ага ылайык, бул жылы 55 бүтүрүүчү "алтын сертификатка" ээ болгон. Эң жогорку балл 239ду түзүп, мындай көрсөткүчкө эки кыз жеткен. Алар: Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебининен Айдай Абылаева, Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынан Сезимай Акматова болду. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева эки бүтүрүүчүгө телефон чалып, сүйүнчүлөп, каалоосун айтты. Ал эми экинчи орунду 236 балл алган төрт окуучу ээлеген: Республика боюнча жогорку упай алган 55 бүтүрүүчүнүн тизмесин министрлик расмий сайтына жарыялады. Аны бул шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот. "Алтын сертификат" ээлери өлкөдөгү каалаган жогорку окуу жайына тапшыра алышат. Эскерте кетсек, былтыр эң көп балл 242 болуп, аны Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов топтогон.
https://sputnik.kg/20260604/studentterge-mamleket-zhardam-beret-1101701947.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/06/1076837598_158:0:2678:1890_1920x0_80_0_0_c5206e81c394994871448776da11ac57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жрт, алтын сертификат, упай, доктургүл кендирбаева
кыргызстан, жрт, алтын сертификат, упай, доктургүл кендирбаева
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын Агартуу министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, бул жылы 55 бүтүрүүчү "алтын сертификатка" ээ болгон.
Эң жогорку балл 239ду түзүп, мындай көрсөткүчкө эки кыз жеткен. Алар: Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебининен Айдай Абылаева, Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынан Сезимай Акматова болду.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева эки бүтүрүүчүгө телефон чалып, сүйүнчүлөп, каалоосун айтты.
Ал эми экинчи орунду 236 балл алган төрт окуучу ээлеген:
Беназир Бактыбекова (236) — Бишкек шаары, "Брайт" эл аралык мектеби;
Акмат Бердибеков (236) — Чүй облусу, Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби;
Иса Мамытов (236) — Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;
Айлин Салимбекова (236) — Бишкек шаары, "Прайм Спектрум" мектеп-комплекси.
Республика боюнча жогорку упай алган 55 бүтүрүүчүнүн тизмесин министрлик расмий сайтына жарыялады. Аны бул
шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот.
"Алтын сертификат" ээлери өлкөдөгү каалаган жогорку окуу жайына тапшыра алышат.
Эскерте кетсек, былтыр эң көп балл 242 болуп, аны Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү
Атай Эстебесов топтогон.