https://sputnik.kg/20261119/putin-menen-tramp-kytayda-zholuktu--1104988181.html
Путин менен Трамп Кытайда жолукту. Видео
Путин менен Трамп Кытайда жолукту. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп АТЭС саммитинин алкагында Шэньчжэн шаарында жолукту. 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T11:27+0600
2026-11-19T11:27+0600
2026-11-19T11:36+0600
дүйнөдө
акш
россия
владимир путин
дональд трамп
жолугушуу
атэс
саммит
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104986639_0:200:2932:1849_1920x0_80_0_0_e0ff64083fb3102edeb0f5d8a95ed783.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп АТЭС саммитинин алкагында Шэньчжэн шаарында жолукту. Трамп Путин менен жолугушуунун алдында залга кирип, аны менен "Бул ким? Бул менин досум!" деп жылуу учурашты. АКШ лидери бул жолугушуу бир топ оң натыйжа алып келиши керектигин айтып, жок дегенде ага негиз түзүшү мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле Путин менен көп жылдан бери эң сонун мамиледе экенин кошумчалады. Путин да Трамп менен жылуу учурашып, англис тилинде ыраазылыгын айтты. Андан соң ал ошол жерде турган мамлекеттик катчы Марко Рубио, финансы министри Скотт Бессент менен учурашты. Россия тараптан жолугушууга тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, финансы министри Антон Силуанов, ошондой эле президенттин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев катышты. Буга чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинин пленардык жыйынына катышкан. Бир күн мурун президенттин жардамчысы Юрий Ушаков бул сүйлөшүү жемиштүү жана мазмундуу болоруна үмүт арткан.
https://sputnik.kg/20261119/rossiya-duynogo-achyk-boydon-kaluuga-umtulat-1104982782.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104986639_101:0:2832:2048_1920x0_80_0_0_1d64089a40d9403c3606965140c9abb6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, владимир путин, дональд трамп, жолугушуу, атэс, саммит
дүйнөдө, акш, россия, владимир путин, дональд трамп, жолугушуу, атэс, саммит
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп АТЭС саммитинин алкагында Шэньчжэн шаарында жолукту.
Трамп Путин менен жолугушуунун алдында залга кирип, аны менен "Бул ким? Бул менин досум!" деп жылуу учурашты.
АКШ лидери бул жолугушуу бир топ оң натыйжа алып келиши керектигин айтып, жок дегенде ага негиз түзүшү мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле Путин менен көп жылдан бери эң сонун мамиледе экенин кошумчалады.
Путин да Трамп менен жылуу учурашып, англис тилинде ыраазылыгын айтты.
"Thank you so much", — деди Россия президенти.
Андан соң ал ошол жерде турган мамлекеттик катчы Марко Рубио, финансы министри Скотт Бессент менен учурашты. Россия тараптан жолугушууга тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, финансы министри Антон Силуанов, ошондой эле президенттин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев катышты.
Буга чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинин пленардык жыйынына катышкан.
Бир күн мурун президенттин жардамчысы Юрий Ушаков бул сүйлөшүү жемиштүү жана мазмундуу болоруна үмүт арткан.