https://sputnik.kg/20261119/dushanbede-kmshnyn-finchalgyn-kyzmattarynyn-zhetekchileri-choguldu-1105008602.html
Душанбеде КМШнын Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчылары чогулду. Эмне кеп болду
Душанбеде КМШнын Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчылары чогулду. Эмне кеп болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Душанбеде КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин кезектеги отуруму өттү. 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T20:00+0600
2026-11-19T20:00+0600
2026-11-19T20:00+0600
кмш
тажикстан
душанбе
финансылык чалгындоо кызматы
каржы системасы
террорчулук
экстремизм
акча
адалдоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105007427_0:62:1200:737_1920x0_80_0_0_710bd907aa1b0f4083d363fccc9b26f8.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Душанбеде КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, КМШнын түзүмдөрү, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңеши, Террорчулукка каршы борбору, Уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөштү координациялоо бюросу менен катар Кылмыштуу кирешелерди адалдоого, террорчулукту каржылоого каршы иш алып баруу боюнча Евразия тобунун өкүлдөрү катышты. Жолугушууда КМШнын Аткаруу комитетинин атынан коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча департаменттин директору Евгений Клемезь сүйлөдү. Отургандарга кайрылып, Шериктештикте каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин иши жогору бааланарын белгиледи. Анын айтымында, кеңеш кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы туруу багытындагы азыркы көйгөйлөргө жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтарып келет. Ошондой эле ал иш жүзүндө кеңеш мамлекет башчыларынын көрсөтмөлөрүн заманбап санариптик чөйрөнүн талаптарына ыңгайлаштырып жатканын баса белгиледи. Бул багытта мамлекет аралык коркунучтар тууралуу аналитикалык маалыматтарды топтогон. Тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борбор негизги ыкчам курал катары кызмат кылууда. Мындан тышкары, Контртеррордук форумдун жана биргелешкен антитеррордук машыгуулардын жыйынтыгы чыгарылып, кеңештин тармактык эл аралык уюмдар менен өз ара иш алып баруу маселелери каралды. Ошондой эле 2026-жылдын 30-сентябрында Казандагы КМШнын Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин чечими менен демилгеленген КМШ аймагында активдерди кайтаруу тармагын түзүү маселеси талкууланды. Отурумдун алдында кеңештин мүчөлөрүнө алгачкы жолу ишкердик оюн форматында семинар өткөрүлдү. Семинардын жыйынтыгы жана КМШнын Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин, Террорчулукка каршы борборунун, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан сунуштар талкууланды. Эми алар мындан аркы ишти пландаштырууда колдонулмай болду.
https://sputnik.kg/20261109/kyrgyzstan-kmshga-koopsuzduk-zhaatynda-sunushtaryn-aytty-1104800575.html
кмш
тажикстан
душанбе
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105007427_69:0:1133:798_1920x0_80_0_0_1b3fb8f61dc75e1579919ff01d78feef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кмш, тажикстан, душанбе, финансылык чалгындоо кызматы, каржы системасы, террорчулук, экстремизм, акча, адалдоо
кмш, тажикстан, душанбе, финансылык чалгындоо кызматы, каржы системасы, террорчулук, экстремизм, акча, адалдоо
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Душанбеде КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, КМШнын түзүмдөрү, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңеши, Террорчулукка каршы борбору, Уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөштү координациялоо бюросу менен катар Кылмыштуу кирешелерди адалдоого, террорчулукту каржылоого каршы иш алып баруу боюнча Евразия тобунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда КМШнын Аткаруу комитетинин атынан коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча департаменттин директору Евгений Клемезь сүйлөдү. Отургандарга кайрылып, Шериктештикте каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин иши жогору бааланарын белгиледи.
Анын айтымында, кеңеш кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы туруу багытындагы азыркы көйгөйлөргө жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтарып келет.
"Кеңештин иши КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери бекиткен бир топ документтерди ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан. Бул чечимдерди аткаруунун алкагында Шериктештиктин каржылык чалгындоо кызматтары экономикалык чек араларды коргоону камсыздап, террорчулук менен экстремизди каржылоонун аймактык каналдарын аныктап, бөгөт коюуда. Кеңештин колдоосу менен күч-аракеттерди координациялоо, тактап айтканда, кылмыштуу каржы агымдарын жана гибриддик коркунучтарга тиешеси бар адамдардын активдерин тоңдуруу аркылуу КМШнын өлкөлөрүнүн чектериндеги кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине каршы турууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Клемезь.
Ошондой эле ал иш жүзүндө кеңеш мамлекет башчыларынын көрсөтмөлөрүн заманбап санариптик чөйрөнүн талаптарына ыңгайлаштырып жатканын баса белгиледи. Бул багытта мамлекет аралык коркунучтар тууралуу аналитикалык маалыматтарды топтогон. Тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борбор негизги ыкчам курал катары кызмат кылууда.
Мындан тышкары, Контртеррордук форумдун жана биргелешкен антитеррордук машыгуулардын жыйынтыгы чыгарылып, кеңештин тармактык эл аралык уюмдар менен өз ара иш алып баруу маселелери каралды. Ошондой эле 2026-жылдын 30-сентябрында Казандагы КМШнын Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин чечими менен демилгеленген КМШ аймагында активдерди кайтаруу тармагын түзүү маселеси талкууланды.
Отурумдун алдында кеңештин мүчөлөрүнө алгачкы жолу ишкердик оюн форматында семинар өткөрүлдү. Семинардын жыйынтыгы жана КМШнын Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин, Террорчулукка каршы борборунун, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан сунуштар талкууланды. Эми алар мындан аркы ишти пландаштырууда колдонулмай болду.