Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Жазылуу
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Эске салсак, Чыңгыз Эсенгул уулу 2021–2025-жылдары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, андан соң биринчи орун басары болуп эмгектенген. Тагыраагы, аталган кызматка экинчи ирет дайындалды.
Ал соңку мезгилде Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалап келген.
Маданият министринин мурдагы биринчи орун басары Союзбек Надырбеков бир нече күн мурда аталган кызматтан кеткен.