00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Кыргызстан возглавит ассоциацию конституционных судов Азии. Зачем это нужно?
18:10
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баласын жалгыз тарбиялагандарга иштен бир саат эрте кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖалгыз бой аял. Архив
Жалгыз бой аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, бул убакытта алар жумушка бир саат кечигип келүүгө же жумуштан бир саат эрте кетүүгө укуктуу болушу мүмкүн. Мында эмгек акысы кыскартылбайт.
Жеңилдик баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге гана эмес, аталарга, баланы асырап алган адамдарга жана камкорчуларга да тиешелүү болот. Мында кызматкердин баласы 14 жашка чыга элек болушу керек.
Долбоордо күн сайын берилүүчү бир саат жумуш убактысынын бир бөлүгү катары эсептелери белгиленген. Башкача айтканда, кызматкер ал убакыт үчүн да толук айлык алат жана кийин аны кошумча иштеп берүүгө милдеттүү болбойт. Колдонулбай калган сааттарды топтоп же анын ордуна акчалай компенсация алуу каралган эмес.
Кызматкер бир саатты жумуш күнүнүн башында же аягында пайдалана алат. Башка убакта колдонуу иш берүүчү менен жазуу жүзүндө макулдашуу аркылуу чечилет.
Мыйзам долбоорунда ата-энеси ажырашып кеткени эле баланы жалгыз тарбиялап жатат дегенди билдирбей турганы да көрсөтүлгөн. Атасы же энеси баланын күнүмдүк тарбиясына катышпаса же материалдык жардам берип, анда-санда гана көмөктөшсө, кызматкер жеңилдик алууга укуктуу болот.
Ошол эле учурда алимент алуу, туугандарынын жардам бериши же кызматкердин кайрадан үй-бүлө курушу бул укукту автоматтык түрдө жокко чыгарбайт.
Жеңилдик алуу үчүн кызматкер иш берүүчүгө жазуу жүзүндө арыз жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бериши керек. Камкорчулар тиешелүү дайындоо документин да көрсөтөт. Бала тарбиялоого катышпаган атанын же эненин макулдугу талап кылынбайт. Арыз берилгенден кийин укук беш жумуш күндөн соң күчүнө кирет.
Эгер адам бир нече жерде иштесе, бир сааттык жеңилдикти бир жумушунда толук пайдалана алат же иш берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрө алат. Бирок жалпы убакыт күнүнө бир сааттан ашпоого тийиш.
Бала 14 жашка толгондо, аны жалгыз тарбиялоо шарты өзгөргөндө же камкорчулук токтотулганда жеңилдик берүү да токтотулат. Кызматкер мындай өзгөрүүлөр тууралуу иш берүүчүгө беш жумуш күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
Президент Садыр Жапаров баланын башынан сылап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2026
Жапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталарын айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0