https://sputnik.kg/20261114/zhaparov-balany-tarbiyaloo-y-bulodon-bashtalaryn-aytty--1104894327.html
Жапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталарын айтты. Видео
Жапаров баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталарын айтты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-ноябрда, Каракол шаарынын, Түп... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T16:42+0600
2026-11-14T16:42+0600
2026-11-14T16:42+0600
кыргызстан
садыр жапаров
бала
тарбия
ысык-көл
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091041437_0:174:3021:1873_1920x0_80_0_0_9583c9855a32117e65aceebeab51d95c.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-ноябрда, Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолукканда суроого жооп берип жатып айтты. Өлкө башчыга жергиликтүү тургун кайрылып, балдардын укугун эле эмес, милдеттерин дагы карап чыгуу керектигин айткан. Жапаров анын сөзүнө кошулуп, мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты. "Балдардын укугу дүйнө жүзү боюнча корголот. Аларды тарбиялоо ар бир ата-эненин өз милдети. Туура айтасыз, биз деле убагында эртеден кечке чейин оокат кылып, картошка отоп, чөп чаап, мал карачубуз. Андан өлүп калган жокпуз. Ата-энебиз берген тарбия. Мамлекет ар бир баланы карай албай, албетте мугалимдер иштеп жатат, бирок балдарга тарбия берүү биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат", — деди президент.
https://sputnik.kg/20260624/zhaparov-smartfondu-chektoogo-chakyrdy-1102048149.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091041437_291:0:3020:2047_1920x0_80_0_0_a37ddf8cb8c7b8bb366d84ed1d54d8b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, бала, тарбия, ысык-көл, сунуш
кыргызстан, садыр жапаров, бала, тарбия, ысык-көл, сунуш
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-ноябрда, Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолукканда суроого жооп берип жатып айтты.
Өлкө башчыга жергиликтүү тургун кайрылып, балдардын укугун эле эмес, милдеттерин дагы карап чыгуу керектигин айткан.
"Балдардын укугу деп коюп, 16 жашка чыкканга чейин өз билгенин жасап жатышат. Милдет катары окусун, мектептерде жумуш жасасын. Ак-Сууда ар бир мектептин 3-5 гектардан жери бар, картошка отургузганга жардам берсин. Биз бала кезде ушинтип эле иштегенбиз, өлгөн жокпуз", — деген ак-суулук киши.
Жапаров анын сөзүнө кошулуп, мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты.
"Балдардын укугу дүйнө жүзү боюнча корголот. Аларды тарбиялоо ар бир ата-эненин өз милдети. Туура айтасыз, биз деле убагында эртеден кечке чейин оокат кылып, картошка отоп, чөп чаап, мал карачубуз. Андан өлүп калган жокпуз. Ата-энебиз берген тарбия. Мамлекет ар бир баланы карай албай, албетте мугалимдер иштеп жатат, бирок балдарга тарбия берүү биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталат", — деди президент.