https://sputnik.kg/20261118/zhaparov-elge-bashka-talapkerlerdi-da-koldoogo-chakyrdy-1104980776.html
Жапаров элге кайрылып, президенттик шайлоодогу башка да талапкерлерди колдоого чакырды
Жапаров элге кайрылып, президенттик шайлоодогу башка да талапкерлерди колдоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоо жана анын талапкерлери боюнча кайрылуу жасап, элди башка талапкерлерди да... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T23:18+0600
2026-11-18T23:18+0600
2026-11-18T23:26+0600
кыргызстан
садыр жапаров
президенттик шайлоо
эл
кайрылуу
эскертүү
колдоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104980982_94:129:1955:1176_1920x0_80_0_0_5fbc4ef119225d3529763335509a2e8a.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоо жана анын талапкерлери боюнча кайрылуу жасап, элди башка талапкерлерди да колдоого чакырды. Төмөндө анын кайрылуусун толук беребиз: "Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон талапкерлер менен жолуктум. Негизги максатым алардын ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, "административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп жаткан жокпу" деп түздөн-түз баарлашуу болду. Алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек. Ушул жерден бүгүнкү талапкерлер менен болгон жолугушууда алар тарабынан айрым тынчсызданган жагдайлар айтылды. Ошолорду эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге дагы бир жолу өзүнчө кайрылгым келип турат. Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздердин негизги милдет - кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу. Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт. Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт. Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей. Мен "Кыргызстанда шайлоо" дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм. Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек. Урматтуу мекендештер! Учурда "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатат. Бардык жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырам. "Президент болом, өлкөмдү өнүктүрөм" деген ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бериңиздер. "Түндүктөн" кол коюу - добуш берүү эмес. Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер. Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо "Түндүк" аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранамын". Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн.
https://sputnik.kg/20261112/zhaparov-elge-kayryldy-1104856726.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104980982_485:344:1595:1176_1920x0_80_0_0_2d94fea63638f5571489a6aa462c65b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, президенттик шайлоо, эл, кайрылуу, эскертүү, колдоо
кыргызстан, садыр жапаров, президенттик шайлоо, эл, кайрылуу, эскертүү, колдоо
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоо жана анын талапкерлери боюнча кайрылуу жасап, элди башка талапкерлерди да колдоого чакырды.
Төмөндө анын кайрылуусун толук беребиз:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон талапкерлер менен жолуктум. Негизги максатым алардын ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, "административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп жаткан жокпу" деп түздөн-түз баарлашуу болду.
Алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек.
Ушул жерден бүгүнкү талапкерлер менен болгон жолугушууда алар тарабынан айрым тынчсызданган жагдайлар айтылды. Ошолорду эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге дагы бир жолу өзүнчө кайрылгым келип турат.
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздердин негизги милдет - кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу.
Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт.
Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт.
Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей.
Мен "Кыргызстанда шайлоо" дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм.
Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек.
Учурда "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатат. Бардык жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырам. "Президент болом, өлкөмдү өнүктүрөм" деген ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бериңиздер.
"Түндүктөн" кол коюу - добуш берүү эмес.
Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер.
Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо "Түндүк" аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранамын".
Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн.