https://sputnik.kg/20261117/1104945317.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жолго чыгып кеткен малдын айынан 5 адам каза болгонАКШда коргонууга 1,1 трлн доллар бөлүнөт.Кыргызстанга кумшекер ташып келүүгө убактылуу тыюу... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T13:00+0600
2026-11-17T13:00+0600
2026-11-17T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104945151_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aab9407784218e41b982f4de8cc48785.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жолго чыгып кеткен малдын айынан 5 адам каза болгонАКШда коргонууга 1,1 трлн доллар бөлүнөт.Кыргызстанга кумшекер ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Кыргызстанга кумшекер импорттоого алты айга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөт билдиргендей, чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокту турукташтыруу, кант рыногун өнүктүрүү жана тармактын кайра иштетүү базасын сактоо максатында кабыл алынды. Чет өлкөдөн кумшекер алып келүүгө алты айга тыюу салынганы менен аны башка жакка транзит аркылуу өткөрүүдө, кайра экспорттоодо, “экстра” сортун ташып келүүдө жана буга чейин темир жол аркылуу жөнөтүлгөн учурларда бул чектөө коюлбайт. Ошондой эле кантты мыйзамсыз алып келүүгө каршы тиешелүү мамлекеттик органдарга катуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.
Кыргызстанда быйылкы жылдын 10 айында жолго чыгып кеткен малдын айынан жол кырсыктары болуп, 60 киши жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Ведомство малды кароосуз калтырган жана айдап бара жатканда авариялык кырдаал жараткан чабандарга 1 000 сомдон 3 000 сомго чейин айып салынарын эскертет. Эгер кырсыктын кесепетинен автоунаа жабыркаса, келтирилген чыгымды малдын ээси төлөп берүүгө тийиш. Ал эми жол кырсыгында адамдар жаракат алса же каза болсо, мал ээсине карата кылмыш иши козголушу мүмкүн.
Москваны коргоодо курман болгон панфиловчулар эскерилди Кыргызстандын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Алмазбек Зымчыбек уулу Москва облусунда өткөн иш-чарада Панфилов дивизиясы Кыргызстан үчүн жөн гана тарыхтын бир бөлүгү эмес, элдин тамырына жакын мурас экенин белгиледи. Ал дивизия Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) да түзүлүп, Москваны коргоодо миңдеген кыргызстандык салгылашканына токтолду. “Генерал Иван Васильевич Панфилов согушка чейин Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон. Ал жергебизди жакшы билген жана чын жүрөктөн сүйгөн. Жоокерлери да ага чексиз ишеним көрсөтүп, жөн гана “Батя” деп аташкан”, — деди ал.
ФСБ Россияда ири терактыларды даярдоо аракетинин бети ачылганын билдирди. Аларды Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) жана Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы (ГУР) пландаштырганын кабарлады. Маалыматка караганда, Украин тарап жалдаган россиялыктарга Батышта өндүрүлгөн 700 килограммдан ашык жардыргыч зат, кеминде 40 сокку уруучу квадрокоптер жана алты гидроцикл партия-партиясы менен жеткирилип турган.
АКШ Сенатындагы республикачылар 2027-жылга коргоо тармагына рекорддук 1,1 триллион доллар бөлүүнү сунушташты. Бул тууралуу Каржылоо комитетинин мыйзам долбооруна таянып РИА Новости жазды. “2027-жылга карата долбоордо АКШнын Коргоо министрлигине жана Чалгындоо кызматына 1,1 триллион долларга жакын каражат каралат”, — деп айтылат маалыматта. Бул каражаттын ичинен Украинага жардам катары 129 миллион доллар, ал эми Израилди колдоого 3,3 миллиард доллар бөлүү сунушталган. Мындан тышкары, Ак үйгө “Алтын купол” ракетадан коргоо системасы үчүн 9,4 миллиард доллар, дрондорду жана аларга каршы каражаттарды иштеп чыгууга жана сатып алууга дагы 6,2 миллиард доллар багыттоо пландалууда. Эске салсак, Кошмо Штаттардын 2026-жылкы коргоо бюджети 900 миллиард доллардан ашып, анын ичинен 400 миллион доллары Украинага курал-жарак берүүгө каралган эле.
Кыргызстанда жолго чыгып кеткен малдын айынан 5 адам каза болгонАКШда коргонууга 1,1 трлн доллар бөлүнөт.Кыргызстанга кумшекер ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга кумшекер импорттоого алты айга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөт билдиргендей, чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокту турукташтыруу, кант рыногун өнүктүрүү жана тармактын кайра иштетүү базасын сактоо максатында кабыл алынды. Чет өлкөдөн кумшекер алып келүүгө алты айга тыюу салынганы менен аны башка жакка транзит аркылуу өткөрүүдө, кайра экспорттоодо, “экстра” сортун ташып келүүдө жана буга чейин темир жол аркылуу жөнөтүлгөн учурларда бул чектөө коюлбайт. Ошондой эле кантты мыйзамсыз алып келүүгө каршы тиешелүү мамлекеттик органдарга катуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.Кыргызстанда быйылкы жылдын 10 айында жолго чыгып кеткен малдын айынан жол кырсыктары болуп, 60 киши жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Ведомство малды кароосуз калтырган жана айдап бара жатканда авариялык кырдаал жараткан чабандарга 1 000 сомдон 3 000 сомго чейин айып салынарын эскертет. Эгер кырсыктын кесепетинен автоунаа жабыркаса, келтирилген чыгымды малдын ээси төлөп берүүгө тийиш. Ал эми жол кырсыгында адамдар жаракат алса же каза болсо, мал ээсине карата кылмыш иши козголушу мүмкүн.Москваны коргоодо курман болгон панфиловчулар эскерилди Кыргызстандын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Алмазбек Зымчыбек уулу Москва облусунда өткөн иш-чарада Панфилов дивизиясы Кыргызстан үчүн жөн гана тарыхтын бир бөлүгү эмес, элдин тамырына жакын мурас экенин белгиледи. Ал дивизия Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) да түзүлүп, Москваны коргоодо миңдеген кыргызстандык салгылашканына токтолду. “Генерал Иван Васильевич Панфилов согушка чейин Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон. Ал жергебизди жакшы билген жана чын жүрөктөн сүйгөн. Жоокерлери да ага чексиз ишеним көрсөтүп, жөн гана “Батя” деп аташкан”, — деди ал.ФСБ Россияда ири терактыларды даярдоо аракетинин бети ачылганын билдирди. Аларды Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) жана Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы (ГУР) пландаштырганын кабарлады. Маалыматка караганда, Украин тарап жалдаган россиялыктарга Батышта өндүрүлгөн 700 килограммдан ашык жардыргыч зат, кеминде 40 сокку уруучу квадрокоптер жана алты гидроцикл партия-партиясы менен жеткирилип турган.АКШ Сенатындагы республикачылар 2027-жылга коргоо тармагына рекорддук 1,1 триллион доллар бөлүүнү сунушташты. Бул тууралуу Каржылоо комитетинин мыйзам долбооруна таянып РИА Новости жазды. “2027-жылга карата долбоордо АКШнын Коргоо министрлигине жана Чалгындоо кызматына 1,1 триллион долларга жакын каражат каралат”, — деп айтылат маалыматта. Бул каражаттын ичинен Украинага жардам катары 129 миллион доллар, ал эми Израилди колдоого 3,3 миллиард доллар бөлүү сунушталган. Мындан тышкары, Ак үйгө “Алтын купол” ракетадан коргоо системасы үчүн 9,4 миллиард доллар, дрондорду жана аларга каршы каражаттарды иштеп чыгууга жана сатып алууга дагы 6,2 миллиард доллар багыттоо пландалууда. Эске салсак, Кошмо Штаттардын 2026-жылкы коргоо бюджети 900 миллиард доллардан ашып, анын ичинен 400 миллион доллары Украинага курал-жарак берүүгө каралган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104945151_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ff6cbdae413d8b2ed803d3f60885d079.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио