00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Где и почему работают дети в Кыргызстане и какие меры принимают власти?
18:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министерлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 693,8 млрд сомго жеткенин билдирди. Анын айтымында, бул пландык көрсөткүчтөн 27,9 млрд сомго ашканын, чыгашалар 589,5 млрд сомду түзгөнүн билдирет. Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолду тааныштырды.
Акыркы беш жылда Нарын облусунда турак жай, транспорт, энергетика жана маданият тармактарында бир катар долбоорлор ишке ашырылып, жаңы объектилер курулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын маалыматына караганда, Нарын шаарында заманбап маданий борбор курулду. Ошондой эле шаарда 216 батирлүү, Кочкор районунда 217 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынды. Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор темир жолу бүткөрүлүп, поезд Кочкорго жетти. Учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө. Энергетика тармагында кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 97 чакырым аралыгы күн энергиясы менен иштеген чырактар аркылуу жарыктандырылды. Орунбеков бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын белгиледи.
Келерки жылы бааларды турукташтырууга 5 миллиард, Турукташтыруу фондуна 20 миллиард сом бөлүү каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырып жатып билдирди. Анын айтымында, эмдиги жылы ИДПнын көлөмү 2 триллион 736 миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда. Ал эми консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстары 1 триллион 53 миллиард сомду түзөт. Ошондой эле билим берүү тармагына 134,2 миллиард, саламаттык сактоого 76,4 миллиард жана социалдык коргоого 47,3 миллиард сом бөлүү сунушталды. Бюджеттин долбоорунда республикалык бюджеттин капиталдык чыгашаларына 110,7 миллиард сом каралган. Анын ичинен Барскоон — Бедел жолун курууга 17,7 миллиард сом, социалдык объектилерди курууга, таза суу менен камсыздоого, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 миллиард сом бөлүү пландалууда. Мындан тышкары, ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого 5,3 миллиард сом субсидия каралган. Жергиликтүү бюджеттерге 19,4 миллиард сом трансферт жана 1,8 миллиард сом үлүштүк грант берилет. Касымалиев 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 миллиард сомго жеткенин белгиледи. Бул пландагы көрсөткүчтөн 27,9 миллиард сомго көп. Ушул эле мезгилде бюджеттин чыгашасы 589,5 миллиард сомду түзгөн.
Келе жаткан жылдын 20-январына чейин Бишкекке 60 жаңы чакан автобус келет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда шаарда 1631 автобус каттап жатат. Бирок дагы 600дөн ашык чакан автобус жетишпейт. Муниципалитет жеке компания менен 500 миллион сомдук келишим түзгөн. "Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. 20-январга чейин шаарга 60 чакан автобус келет. Бул багыттагы иштерди улантабыз", — деди мэр. Жунушалиев буга чейин жаңы автобустар конуштарга каттай турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0