https://sputnik.kg/20261117/1104947767.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россиялык режиссёр кыргыз цирк артисттери менен масштабдуу шоу даярдайтФСБ Украина 2,5 млн. долларга каржылаган ири терактыларды алдын алдыАлагөзов Президент... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T15:00+0600
2026-11-17T15:00+0600
2026-11-17T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104947601_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_da84c8d9f83167da140778105f9f9295.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россиялык режиссёр кыргыз цирк артисттери менен масштабдуу шоу даярдайтФСБ Украина 2,5 млн. долларга каржылаган ири терактыларды алдын алдыАлагөзов Президент Кыргызтест боюнча тапшырма берген эмеcтигин билдирди.
Кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берилген эмес. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айткандарына жооп берди. Алагөзовдун айтымында, Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкер болгусу келгендер менен да жолуккан. Алардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. "Мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес. Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес", — деди Алагөзов. Эске салсак, Суваналиев жакында чыккан маектеринин биринде өлкө башчы бардык талапкерлерди өткөргүлө, эч кимди тесттен кулатпагыла деген көрсөтмө бергенин айткан.
Россиялык режиссёр кыргыз цирк артисттери менен масштабдуу шоу даярдайт Россиялык режиссёр Елена Петрикова Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери менен биргеликте жаңы программа даярдайт. Шоу Кыргызстандын тарыхына, каада-салтына жана маданиятына арналат. Негизги максат — кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу. Мамлекеттик цирктин директору Нурлан Конокбаевдин айтымында, бул программа кыргыз артисттерине АКШ, Европа жана Россияга гастролго чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда 771 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га өстү. Өсүш негизинен химиялык продукцияны өндүрүүнүн 2,4 эсеге, тазаланган мунай продуктуларынын 1,8 эсеге, транспорт каражаттарынын 38%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын 36%га, курулуш материалдарынын 29%га көбөйүшү менен камсыздалды. Мындан тышкары, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 13%га, тамак-аш азыктарын жана тамеки буюмдарын өндүрүү 10%га, пайдалуу кендерди казуу 7,5%га өстү. Ошондой эле 10 айда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасы 4,7%га, дүң жана чекене соода 4,3%га көбөйдү.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Украина дээрлик 2,5 миллион долларга каржылаган ири терактыларды алдын алды. Мекеме 2026-жылдын башынан бери атайын операция жүргүзүп, Киевдин агенттеринин ар бир кадамын көзөмөлдөп турган. ФСБнин маалыматына караганда, Украинанын Коопсуздук кызматы жана Башкы чалгындоо башкармалыгы жалданган россиялыктарга 700 килограммдан ашык жардыргыч зат, 40ка жакын сокку уруучу квадрокоптер, алты квадроцикл, ошондой эле согуштук дрондорду чогултуу жана жөндөө үчүн көптөгөн тетиктер менен жабдууларды өткөрүп беришкен. “Суу мотоциклдерин тротил эквивалентинде 60 килограмм жардыргыч зат салынган экипажсыз согуштук катерлерге айландырып, Каспий деңизиндеги РФтин аскердик кораблдерине жана жарандык кемелерине каршы колдонуу пландалган. Ал эми дрондорду аскердик аэродромдор менен стратегиялык маанилүү объектилерге чабуул коюу үчүн Адыгея жана Краснодар крайына жайгаштырууну көздөшкөн”, — деп билдирди ФСБ. Чабуулдар ушул айда башталышы керек болгону, бирок күч түзүмдөрү аларды даярдык бүтүп, эми гана ишке ашар алдында токтоткону белгиленет. Операциянын жүрүшүндө төрт киши кармалып, дагы экөө кармоо учурунда жок кылынды.
Россиялык режиссёр кыргыз цирк артисттери менен масштабдуу шоу даярдайтФСБ Украина 2,5 млн. долларга каржылаган ири терактыларды алдын алдыАлагөзов Президент Кыргызтест боюнча тапшырма берген эмеcтигин билдирди.Кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берилген эмес. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айткандарына жооп берди. Алагөзовдун айтымында, Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкер болгусу келгендер менен да жолуккан. Алардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. "Мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес. Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес", — деди Алагөзов. Эске салсак, Суваналиев жакында чыккан маектеринин биринде өлкө башчы бардык талапкерлерди өткөргүлө, эч кимди тесттен кулатпагыла деген көрсөтмө бергенин айткан. Россиялык режиссёр кыргыз цирк артисттери менен масштабдуу шоу даярдайт Россиялык режиссёр Елена Петрикова Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери менен биргеликте жаңы программа даярдайт. Шоу Кыргызстандын тарыхына, каада-салтына жана маданиятына арналат. Негизги максат — кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу. Мамлекеттик цирктин директору Нурлан Конокбаевдин айтымында, бул программа кыргыз артисттерине АКШ, Европа жана Россияга гастролго чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда 771 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га өстү. Өсүш негизинен химиялык продукцияны өндүрүүнүн 2,4 эсеге, тазаланган мунай продуктуларынын 1,8 эсеге, транспорт каражаттарынын 38%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын 36%га, курулуш материалдарынын 29%га көбөйүшү менен камсыздалды. Мындан тышкары, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 13%га, тамак-аш азыктарын жана тамеки буюмдарын өндүрүү 10%га, пайдалуу кендерди казуу 7,5%га өстү. Ошондой эле 10 айда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасы 4,7%га, дүң жана чекене соода 4,3%га көбөйдү. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Украина дээрлик 2,5 миллион долларга каржылаган ири терактыларды алдын алды. Мекеме 2026-жылдын башынан бери атайын операция жүргүзүп, Киевдин агенттеринин ар бир кадамын көзөмөлдөп турган. ФСБнин маалыматына караганда, Украинанын Коопсуздук кызматы жана Башкы чалгындоо башкармалыгы жалданган россиялыктарга 700 килограммдан ашык жардыргыч зат, 40ка жакын сокку уруучу квадрокоптер, алты квадроцикл, ошондой эле согуштук дрондорду чогултуу жана жөндөө үчүн көптөгөн тетиктер менен жабдууларды өткөрүп беришкен. “Суу мотоциклдерин тротил эквивалентинде 60 килограмм жардыргыч зат салынган экипажсыз согуштук катерлерге айландырып, Каспий деңизиндеги РФтин аскердик кораблдерине жана жарандык кемелерине каршы колдонуу пландалган. Ал эми дрондорду аскердик аэродромдор менен стратегиялык маанилүү объектилерге чабуул коюу үчүн Адыгея жана Краснодар крайына жайгаштырууну көздөшкөн”, — деп билдирди ФСБ. Чабуулдар ушул айда башталышы керек болгону, бирок күч түзүмдөрү аларды даярдык бүтүп, эми гана ишке ашар алдында токтоткону белгиленет. Операциянын жүрүшүндө төрт киши кармалып, дагы экөө кармоо учурунда жок кылынды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104947601_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5f7f55cb6668bfd7967f588288251380.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио