https://sputnik.kg/20261117/1104957805.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Россия менен адам укуктары боюнча кандай иштер жүрүп жатканын айттыМамдума депутаты: Кыргызстан — Россиянын эң жакын досу экенин билдирдиӨлкөдө... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T19:00+0600
2026-11-17T19:00+0600
2026-11-17T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104957639_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a24850576414b6d59f9ede1a7dbca023.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Россия менен адам укуктары боюнча кандай иштер жүрүп жатканын айттыМамдума депутаты: Кыргызстан — Россиянын эң жакын досу экенин билдирдиӨлкөдө өспүрүмдөргө электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстанда жашы жете электерге электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бир нече депутат демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, эгер жеке жак самокатты же гироскутерди 18 жашка толо элек балдарга ижарага берсе — 20 миң сом, юридикалык жак 55 миң сом айыпка жыгылат. "Документтерди милдеттүү түрдө текшерүүнү киргизүү сунушталууда. Мындай учурда ижарага берүү кызматтары кардардын өздүгүн паспорт же башка ырастоочу документ, анын ичинде санариптик форматтагы документ аркылуу аныктоого тийиш болот. Жеке маалыматтар колдонуучунун макулдугу менен гана иштетилет", — деп айтылат документте. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы жылдары мобилдик тиркемелер аркылуу электр самокаттарын ижарага берип киреше тапкандар кыйла көбөйдү. Аны менен катар балдар жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары да арбыды. Мындай чектөөлөр жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле шаар көчөлөрүндө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Соңку үч жылда Кыргызстан менен Россиянын омбудсмендеринин адам укуктарын коргоо багытындагы кызматташтыгы жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өтүп жаткан Омбудсмендердин эл аралык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал акыркы үч жылдын ичинде түзүлгөн меморандумдардын жана протоколдордун негизинде эки өлкөнүн жарандарына укуктук жардамдар көрсөтүлүп жатканын белгилеген. "Маселен, кечээ эле Россиядагы элчиликте мекендештерибизге укуктук маселелер боюнча кеп-кеңеш берилип, буга чейин жүрөк өйүп келген бардык суроолоруна жоопторду алышты", — деди Жаманбаева. Мындан тышкары, ал өткөн жылы РФ омбудсмени Кыргызстанда Россия жарандары кармалып турган №1 тергөө изоляторун кыдырып, кармоо шарттарын өз көзү менен көрүп чыкканын кошумчалады. Учурда эки өлкөнүн жарандарына практикалык колдоо көрсөтүү максатында Россия-Кыргыз укуктук жардам борборун ачуу иштери кызуу жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, бул маанилүү борбор ушул жылдын декабрь айында ишке кирмекчи. Ага жарандар төрөлүүдөн тартып, өмүрүнүн соңуна чейинки адам укуктарына тиешелүү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат.
Келерки жылы бааларды турукташтырууга 5 млрд сом бөлүү каралып жатканын минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди Ал депутаттарга 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырган. Консолидацияланган бюджет 1 трлн 53 млрд сомду түзөт. "Башкы артыкчылык мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин сөзсүз аткаруу менен узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу бойдон калууда", — деди ал.
Кыргызстан Россия үчүн эң жакын достордун бири болуп саналарын РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Борис Чернышов Москвада өтүп жаткан Омбудсмендердин эл аралык форумунун алкагында билдирди. "Бул — биздин өкмөттөр, парламентер жана президенттер ортосунда түзүлгөн укмуштуудай байланыш. Чындыгында мунун баары жөн гана достук эмес, баарлашуунун жана биргелешип иштөөнүн бир туугандык форматы", — деди Чернышов. Мамдуманын жарандык коомду өнүктүрүү, коомдук жана диний бирикмелер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Нарында Орус тили жана маданияты боюнча евразиялык борбордун ачылышын жогору баалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 96 сом 21 тыйынгаюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы18-ноябрга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12...+17, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +6...+11, Нарын чөлкөмүндө +5...+10 градус болот.Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15, Ош шаарында +15...+17, градусту көрсөтөт.
Акыйкатчы Россия менен адам укуктары боюнча кандай иштер жүрүп жатканын айттыМамдума депутаты: Кыргызстан — Россиянын эң жакын досу экенин билдирдиӨлкөдө өспүрүмдөргө электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда Кыргызстанда жашы жете электерге электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бир нече депутат демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, эгер жеке жак самокатты же гироскутерди 18 жашка толо элек балдарга ижарага берсе — 20 миң сом, юридикалык жак 55 миң сом айыпка жыгылат. "Документтерди милдеттүү түрдө текшерүүнү киргизүү сунушталууда. Мындай учурда ижарага берүү кызматтары кардардын өздүгүн паспорт же башка ырастоочу документ, анын ичинде санариптик форматтагы документ аркылуу аныктоого тийиш болот. Жеке маалыматтар колдонуучунун макулдугу менен гана иштетилет", — деп айтылат документте. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы жылдары мобилдик тиркемелер аркылуу электр самокаттарын ижарага берип киреше тапкандар кыйла көбөйдү. Аны менен катар балдар жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары да арбыды. Мындай чектөөлөр жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле шаар көчөлөрүндө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.Соңку үч жылда Кыргызстан менен Россиянын омбудсмендеринин адам укуктарын коргоо багытындагы кызматташтыгы жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өтүп жаткан Омбудсмендердин эл аралык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал акыркы үч жылдын ичинде түзүлгөн меморандумдардын жана протоколдордун негизинде эки өлкөнүн жарандарына укуктук жардамдар көрсөтүлүп жатканын белгилеген. "Маселен, кечээ эле Россиядагы элчиликте мекендештерибизге укуктук маселелер боюнча кеп-кеңеш берилип, буга чейин жүрөк өйүп келген бардык суроолоруна жоопторду алышты", — деди Жаманбаева. Мындан тышкары, ал өткөн жылы РФ омбудсмени Кыргызстанда Россия жарандары кармалып турган №1 тергөө изоляторун кыдырып, кармоо шарттарын өз көзү менен көрүп чыкканын кошумчалады. Учурда эки өлкөнүн жарандарына практикалык колдоо көрсөтүү максатында Россия-Кыргыз укуктук жардам борборун ачуу иштери кызуу жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, бул маанилүү борбор ушул жылдын декабрь айында ишке кирмекчи. Ага жарандар төрөлүүдөн тартып, өмүрүнүн соңуна чейинки адам укуктарына тиешелүү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат.Келерки жылы бааларды турукташтырууга 5 млрд сом бөлүү каралып жатканын минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди Ал депутаттарга 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырган. Консолидацияланган бюджет 1 трлн 53 млрд сомду түзөт. "Башкы артыкчылык мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин сөзсүз аткаруу менен узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу бойдон калууда", — деди ал. Кыргызстан Россия үчүн эң жакын достордун бири болуп саналарын РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Борис Чернышов Москвада өтүп жаткан Омбудсмендердин эл аралык форумунун алкагында билдирди. "Бул — биздин өкмөттөр, парламентер жана президенттер ортосунда түзүлгөн укмуштуудай байланыш. Чындыгында мунун баары жөн гана достук эмес, баарлашуунун жана биргелешип иштөөнүн бир туугандык форматы", — деди Чернышов. Мамдуманын жарандык коомду өнүктүрүү, коомдук жана диний бирикмелер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Нарында Орус тили жана маданияты боюнча евразиялык борбордун ачылышын жогору баалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 96 сом 21 тыйынгаюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы18-ноябрга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12...+17, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +6...+11, Нарын чөлкөмүндө +5...+10 градус болот.Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15, Ош шаарында +15...+17, градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104957639_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4ed1296fee40cc34abae3497aa9430d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио