00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Стратегические ресурсы, зарплаты и бизнес: где государственные планы расходятся с реальностью
12:05
159 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода-сатыгын бекемдеп жататЗеленский союздаштарынын жардамы текшерилерин айттыБишкек — Суусамыр жаңы унаа жолуна 10 чакырымдык тоннель курулат
Долбоорлонуп жаткан Бишкек — Күн-Туу — Белогорка — Суусамыр унаа жолуна узундугу 10 чакырымдык тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Мекемеден кабарлашкандай, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү. Жаңы трассанын жалпы узундугу 94 чакырымга жакын болот. Ал Сокулук районундагы Саз айылынан башталып, Арал — Төө-Ашуу унаа жолунун 61-чакырымына барып кошулат. Долбоордун алкагында учурдагы 27,2 чакырым жол оңдолуп, 56,8 чакырым жаңы тилке салынат. Ошондой эле 2 600–3 100 метр бийиктикте тоннель куруу каралган. Буга чейин парламентте бул жаңы жол Бишкектен Ошко чейинки аралыкты 150 чакырымга кыскартары айтылган.
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында 5,2 миллиард долларды түздү. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 11,3 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 8,2 пайызга азайган. Ал эми импорт, тескерисинче, 16,5 пайызга өскөн. Биримдиктеги өлкөлөр менен сооданын басымдуу бөлүгү Россияга жана Казакстанга туура келген. Россиянын үлүшү 61,5 пайызды, Казакстандыкы 35,2 пайызды түзгөн.
Улуттук банк 17-ноябрда "санариптик апокалипсис" болот деген кептерди четке какты Интернетте бүгүн хакерлер дүйнөдөгү ири банктарга чабуул жасап, кардарлардын эсептериндеги акчалар жок болуп, финансылык маалыматтар өчүрүлөт деген маалымат тараган. Ошондой эле дүйнө жүзүндө интернет үч айга өчүрүлөрү айтылууда. Кыргызстандын Улуттук банкы бардык коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатканын, ал эми тараган маалыматтар расмий тастыкталбаганын билдирди. Финансылык жөнгө салуучу орган зарыл учурда кардарлардын, аманатчылардын жана банктардын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенин белгиледи.
Киев Украинага убада кылынган жардамдар канчалык деңгээлде берилип жатканын текшерет. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды. Telegram каналына жарыялаган видеокайрылуусунда ал Батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна баа берилерин белгилеген."Биз Украинага жардам берип жаткан союздаштардын иши канчалык натыйжалуу экенин текшерип жатабыз. Анткени айрым тараптар өз миссиясын аткармак турсун, жөн гана куру сөз менен кутулууга аракет кылып жатышат", — деди ал. Буга чейин Politico басылмасы британиялык экс-дипломат Тим Уилласи-Уилсиге таянып, АКШнын президенти Дональд Трамп Киевди Американын чалгындоо маалыматтарынан жана Starlink спутниктик байланышынан ажыратып коюшу мүмкүн экенин жазган. Starshield системасынын ишине байланыштуу чектөөлөр акыркы бир нече аптадан бери байкалып жатканы маалымдалган. Ал эми Россия "Украинага курал берип, маалымат жагынан жардам бергениңер согушту токтотпойт, тескерисинче, күчөтөт" деп байма-бай эскертип келет. Кремль Батыштын Украинаны куралдандыруусу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө түзбөй турганын жана терс кесепеттерге алып келерин белгилеп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0