https://sputnik.kg/20261117/1104936245.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттин басма... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T09:00+0600
2026-11-17T09:00+0600
2026-11-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104936078_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1c179679207a7f06eb7e5c98e934c4cb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 15-октябрында кабыл алынган. Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө жана аны керээз аркылуу, анын ичинде жакын тууганы болбогон адамдарга мураска калтыруу укугун камсыз кылуу. Жаңы мыйзамга ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзи бар адамга керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кайрадан берилет. Мыйзам укуктук боштуктарды жоюуга жана жарандардын мурастоо укуктарын ишке ашырууга шарт түзүүгө багытталган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот. Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат. Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен. Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык унаа да берилген.
Музыкалык мектептердин директорлору эми ачык сынак аркылуу дайындалат Минкаб бекиткен жаңы тартип балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин жетекчилерине тиешелүү. Ал талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүп, тажрыйбалуу адистерди тандоого багытталган. Бош орундар, талаптар жана сынактын мөөнөттөрү Маданият министрлигинин расмий сайтына жарыяланып турат.
Туризм агенттиги жакында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын долбоорун көрсөттү Жалпы аянты 4 миң гектарды түзгөн эс алуу жайы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук деген үч чокуну бириктирет. Курорт жыл бою иштеп, Каракол эл аралык аэропортунан 60 чакырым алыстыкта жайгашат. Лыжа базасы быйыл декабрда биринчи эс алуучуларын кабыл алары айтылган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 км болгон лыжа тепкен жол салуу пландалган. Келечекте эл аралык мелдештерди да өткөрсө болот. Жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш орду түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 15-октябрында кабыл алынган. Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө жана аны керээз аркылуу, анын ичинде жакын тууганы болбогон адамдарга мураска калтыруу укугун камсыз кылуу. Жаңы мыйзамга ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзи бар адамга керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кайрадан берилет. Мыйзам укуктук боштуктарды жоюуга жана жарандардын мурастоо укуктарын ишке ашырууга шарт түзүүгө багытталган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот. Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат. Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен. Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык унаа да берилген.Музыкалык мектептердин директорлору эми ачык сынак аркылуу дайындалат Минкаб бекиткен жаңы тартип балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин жетекчилерине тиешелүү. Ал талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүп, тажрыйбалуу адистерди тандоого багытталган. Бош орундар, талаптар жана сынактын мөөнөттөрү Маданият министрлигинин расмий сайтына жарыяланып турат.Туризм агенттиги жакында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын долбоорун көрсөттү Жалпы аянты 4 миң гектарды түзгөн эс алуу жайы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук деген үч чокуну бириктирет. Курорт жыл бою иштеп, Каракол эл аралык аэропортунан 60 чакырым алыстыкта жайгашат. Лыжа базасы быйыл декабрда биринчи эс алуучуларын кабыл алары айтылган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 км болгон лыжа тепкен жол салуу пландалган. Келечекте эл аралык мелдештерди да өткөрсө болот. Жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш орду түзүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104936078_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_14b20995fd5687c286d36eb6cb2b1dd8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио